УКМК: Раимбек Матраимов күбө катары суракка чакыртылды

УКМК: Раимбек Матраимов күбө катары суракка чакыртылды
29-Ноя. 2019, Жума, 16:49

Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Раимбек Матраимов күбө катары Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке суракка чакырылды. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматкуа караганда, Раимбек Матраимов журналисттик иликтөөдө жарыяланган баардык жагдайлар боюнча суралат.

Учурда аталган сотко чейинки териштирүүнүн алкагында Айеркен Саймаитиге карата болгон коркутуулар боюнча маалыматтарды толук кандуу жана объективдүү жүргүзүү максатында баардык жагдайларды аныктоого багытталган тиешелүү тергөө иш чаралары жүрүп жатат”, – деп түшүндүрдү УКМК.

22-ноябрда "Азаттык" радиосу “Бажыдагы миллиондор: калкалоо жана карактоо" аттуу иликтөөсүн жарыялады. Анда бажыдагы товар өткөрүүнүн көмүскө схемалары, миллиондогон акчаларды адалдоо тууралуу сөз болот.

Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагымбаев журналисттик иликтөө боюнча мекемелер аралык тергөө тобу түзүлгөнүн, иликтөөдө аты аталган адамдар, анын ичинде Раимбек Матраимов да тергөөгө чакырылышы мүмкүн экендигин айткан.

Ал эми Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Раимбек Матраимов акыркы эки жылдан бери кайсы бир саясий топтор каралоо максатында түрдүү божомолдорду, ар кандай жалган маалыматтарды таратып келгенин айтып, өзүнө байланыштуу бардык суроолорго жооп берүүгө даяр экендигин билдирген.

Сүрөт: Акипресс

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Бабанов: 9 пайыз шайлоо босогосунан коркпош керек (видео)
Бабанов: 9 пайыз шайлоо босогосунан коркпош керек (видео)
Бүгүн Кыргызстанда биринчи ирет лазердик кинотеатр ачылат
Бүгүн Кыргызстанда биринчи ирет лазердик кинотеатр ачылат
​The Guardian: Месси жылдын футболчусу аталды
​The Guardian: Месси жылдын футболчусу аталды
Илим Карыпбеков оор сынактан өттү
Илим Карыпбеков оор сынактан өттү
 “Апоу” клибин бир суткага жетпеген убакытта 60 миң адам көрдү (видео)
“Апоу” клибин бир суткага жетпеген убакытта 60 миң адам көрдү (видео)
Нуржигит Субанкулов “Голос 8” телешоусунун чейрек финалына чыкты
Нуржигит Субанкулов “Голос 8” телешоусунун чейрек финалына чыкты
“Салт” деп аталган сериалга тартылууга чакырышууда
“Салт” деп аталган сериалга тартылууга чакырышууда
Саламат Садыкова: Биздин жерибиз бейиштин төрү
Саламат Садыкова: Биздин жерибиз бейиштин төрү
Гүлзада Рыскулованын арт-шоу кечеси өзгөчө өттү
Гүлзада Рыскулованын арт-шоу кечеси өзгөчө өттү
Бабанов: Мени капа кылган бардык адамдарды кечирдим (видео)
Бабанов: Мени капа кылган бардык адамдарды кечирдим (видео)
Ассоль Молдокматова: Гимнастикага 11 жылымды арнадым
Ассоль Молдокматова: Гимнастикага 11 жылымды арнадым
Абылгазиев: Өкмөт өнөр жай ишканаларынын санын көбөйтүүнү көздөйт
Абылгазиев: Өкмөт өнөр жай ишканаларынын санын көбөйтүүнү көздөйт
Афганистанда катталган жер титирөө Кыргызстанда да сезилди
Афганистанда катталган жер титирөө Кыргызстанда да сезилди
​Сауль Альварес 2019-жылдын эң мыкты боксчусу аталды (видео)
​Сауль Альварес 2019-жылдын эң мыкты боксчусу аталды (видео)
Абылгазиев социалдык объекттилердин абалы менен таанышты
Абылгазиев социалдык объекттилердин абалы менен таанышты
​КМШ өлкөлөрү оюндары Казанда өтөт
​КМШ өлкөлөрү оюндары Казанда өтөт