Шайлоонун болжолдуу жыйынтыгы чыкты

Шайлоонун болжолдуу жыйынтыгы чыкты
29-Май 2017, Дүйшөмбү

Кечээ, 28-май – жекшемби күнү Кыргызстанда 41 жергиликтүү кеңешке кезектеги жана мөөнөтүнөн мурда шайлоо өттү.

2016-жылдын 11-декабрында өткөн жергиликтүү кеңештерге шайлоодо жеңип чыккан партиялар шаардык кеңеште жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органынын башчыларын шайлоодо бир пикирге келе албай, сессияга чогула алган эмес. Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) сунушу менен президент аларды 14-апрелде таркатып, мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындалган.

Жалпысы болуп 117 шайлоо участкалары уюштурулуп, 811 депутаттык орунга 4 423 талапкер ат салышкан.

Төмөндө шаардык кеңешке болгон шайлоонун алдын-ала жыйынтыгы менен таанышып алыңыз:

Ош облусунун Ноокат шаары:

КСДП — 53,60 %, 12 мандат;

"Элдик" — 17, 96 %, 4 мандат;

“Республика" 11,11 %, 3 мандат;

"Замандаш" — 8, 96 %, 2 мандат.

Жалал-Абад облусунун Көк-Жаңгак шаары:

КСДП — 52,6 %, 11 мандат;

Кыргызстан коммунистеринин партиясы — 38, 25 %, 8 мандат;

"Өнүгүү-Прогрес" — 7, 37 %, 2 мандат.

Чүй облусунун Кемин шаары:

КСДП — 32,75 %, 8 мандат;

"Республика" — 24,05 %, 5 мандат;

"Патриот Ынтымагы" — 15,26 %, 3 мандат;

“Кыргызстан” — 11, 33 %, 3 мандат;

"Баба-Дыйкан" — 7,98 %, 2 мандат;

Кара-Балта шаары:

КСДП — 19,84 %, 7 мандат;

“ЭлАман” — 14,39 %, 5 мандат;

"Мекеним Кыргызстан" — 12,04 %, 4 мандат;

"Республика" — 11,89 %, 4 мандат;

“Ак-Шумкар” — 10,35 %, 4 мандат;

“Элдик” — 9,43 %, 4 мандат;

Жалал-Абад шаары:

"Өнүгүү-Прогресс" — 26,15 %, 9 мандат;

КСДП — 23,32 %, 8 мандат;

"Ата Журт" — 13,57 %, 4 мандат;

"Мекеним Кыргызстан" — 13,55 %, 4 мандат;

"Кыргызстан" — 10,29 %, 3 мандат;

"Республика" — 9, 38 %, 3 мандат;

Кадамжай шаары:

"Мекеним Кыргызстан" — 24,71 %, 5 мандат;

"Өнүгүү-Прогресс" — 19,51 %, 4 мандат;

КСДП — 17,74 %, 4 мандат;

"Республика" — 11,5 %, 3 мандат;

Таш-Көмүр шаары:

КСДП — 22,50 %, 8 мандат;

"Республика" — 21,20 %, 7 мандат;

"Мекеним Кыргызстан " — 17,57 %, 6 мандат;

"Өнүгүү" пайыз менен 14,44 %, 5 мандат;

"Ата Журт" — 9,88 %, 3 мандат;

Айдаркен шаары:

"Мекеним Кыргызстан " — 22,57 %, 5 мандат;

Республика" — 20,80 %, 5 мандат;

КСДП — 18,97 %, 5 мандат;

"Ата Журт" — 14,29 %, 3 мандат.
Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!