Мавлянова: Өкмөт маданият министринин да жазасын карасын

Мавлянова: Өкмөт маданият министринин да жазасын карасын
5-Дек. 2019, Бейшемби, 10:25

Жогорку Кеңештин депутаты Махабат Мавлянова Гапар Айтиев атындагы музейде феминисттер уюштурган көргөзмөнү сынга алды.

Ал мындай көргөзмөлөр эс алуучу жайларда, жеке менчик мекемелерде уюштурулса бир жөн эле дейт.

“Жалпы эле Орто Азия эли үчүн ыплас, абийирсиздик деп эесептелинген жылаңач аялдардын көргөзмөсүн маданиятыбыздын туу чокусу болгон музейде уюштуруу – бир эле музейдин директорунун күнөөсү эмес. Маданият министрлиги так ушул улутубуздун өзгөчөлүгүн эске алып, маданиятыбызды жайылтышы керек болчу. Ошондуктан мен ойлойм, бул жерде маданяит министринин да күнөөсү бар. Өкмөт ошонун жазасын да карасын”, – деди Мавлянова

29-ноябрда Гапар Айтиев атындагы көркөм-сүрөт музейинде аялдардын экономикалык эркиндигин коргоо максатында «Феминале» деп аталган феминисттик көргөзмө өткөрүлгөн.

Өзүлөрүн жарандык активистмин деп эсептегендер бул иш-чарада жылаңач денесин көрсөткөн кыздарды кескин сынга алышып, бир катар жооптуу кызматкерлердин иштен кетүүсүн талап кылып митингге чыгышкан.

Аларды кабыл алган Маданият жана туризм министри Азамат Жаманкулов “феминалле” деген иш-чара боюнча маданият министрлигин расмий позициясын билдирип, буларды айткан:

Маданият жана туризм министрлиги искусство үйүндө жылаңач денесин көрсөткөн кыздардын болуусуна каршылыгын билдирет жана жана заманбап искусствонун мындай провокациялык чакырыктарын колдобойт”.

Бул митингден кийин Гапар Айтиев атындагы көркөм-сүрөт музейинин директору Мира Жангарачева өзүнүн жазган арызынын негизинде кызматын тапшырып, музейдеги бир катар экспонаттар алынып салынган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Путин менен Шойгунун кыздары спорт боюнча өкмөт кеңешине кирди
Путин менен Шойгунун кыздары спорт боюнча өкмөт кеңешине кирди
Жаңы жыл түнү коомдук транспорттор саат 2.00гө чейин иштейт
Жаңы жыл түнү коомдук транспорттор саат 2.00гө чейин иштейт
​Жылдын керемет голу (видео)
​Жылдын керемет голу (видео)
Япония менен дагы бир макулдашуу ратификацияланды
Япония менен дагы бир макулдашуу ратификацияланды
Шашылыш билдирүү: Ашууларда кар көчкү түшүшү күтүлөт
Шашылыш билдирүү: Ашууларда кар көчкү түшүшү күтүлөт
 Пенсиялык топтомдорду ипотекалык насыяга пайдалана алышат
Пенсиялык топтомдорду ипотекалык насыяга пайдалана алышат
​Криштиану Роналду качан катуу мас болгондугун айтты (видео)
​Криштиану Роналду качан катуу мас болгондугун айтты (видео)
Сабырбек Жумабеков Алматыда учак кырсыгында жабыркагандарга операция жасайт
Сабырбек Жумабеков Алматыда учак кырсыгында жабыркагандарга операция жасайт
Райондук сот Мээрбек Мискенбаевди камакка алуу чечимин чыгарды
Райондук сот Мээрбек Мискенбаевди камакка алуу чечимин чыгарды
​Футбол борбору үчүн жер тилкеси чечилбей калды.
​Футбол борбору үчүн жер тилкеси чечилбей калды.
Жээнбеков Апрель революциясынын катышуучулары менен жолугушту
Жээнбеков Апрель революциясынын катышуучулары менен жолугушту
230 миң адамдын өмүрүн алган жер титирөөгө 15 жыл болду
230 миң адамдын өмүрүн алган жер титирөөгө 15 жыл болду
Текебаев: Шыкмаматов Сыдыгалиевге орун бошотуп бериши керек болчу (видео)
Текебаев: Шыкмаматов Сыдыгалиевге орун бошотуп бериши керек болчу (видео)
Абылгазиев: Чегерүүлөр кимдир бирөөнүн чөнтөгүнө эмес, казынага түшүүсү керек
Абылгазиев: Чегерүүлөр кимдир бирөөнүн чөнтөгүнө эмес, казынага түшүүсү керек
Кытайда 62 жаштагы аял балалуу болду
Кытайда 62 жаштагы аял балалуу болду
Темирбек Асанбеков: Азыркы күндө
Темирбек Асанбеков: Азыркы күндө "Мекен Ынтымагы” партиясындай бир дагы саясий уюм жок