Бекешев: Аткезчилер 2020-жылы парламентке келебиз деп жатышат

Бекешев: Аткезчилер 2020-жылы парламентке келебиз деп жатышат
5-Дек. 2019, Бейшемби, 15:31

Аткезчилер 2020-жылы парламентке келебиз деп жатышат. Бул тууралуу депутат Дастан Бекешев парламенттин жыйынында айтты.

“Президент Сооронбай Шарипович коррупцияга каршы күрөшүү саясатын приоритет катары койгон. Тилекке каршы, укук коргоо органдары берилген тапшырмаларды так аткарба албай жатышат. Аткезчилер Кыргызстанда жыргап жатышат, 2020-жылы парламентке келебиз деп жатышат. Аткезчи, жөнөкөй тил менен айтканда – ууру. Ууруларды, элди тоногон кишилерди биз түрмөгө отургузушубуз керек”, – деди Бекешев.

Бүгүн Жогорку Кеңеш уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү, ЕАЭБдин алкагында жана үчүнчү өлкөлөрдөн эсепке алынбаган, аткезчилик жол менен ташылып келген товарлар боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу өкмөттүн маалыматын угуп жатат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР