Матраимов: Тергөө менен кызматташып, мага болгон жалаанын бетин ачууга кызыктармын (видео)

Матраимов: Тергөө менен кызматташып, мага болгон жалаанын бетин ачууга кызыктармын (видео)
7-Дек. 2019, Ишемби, 11:03

“Азаттыктын” иликтөөсү боюнча мекемелер аралык тергөө тобу иликтөө иштерин жүргүзүп жатат.

Кечээ, 6-декабрда Бажы кызматынын төрагасынын орун басары Раимбек Матраимов Улуттук коопсуздук боюнча мамлекетти комитетке (УКМК) сурак берип чыкты. Анда ал журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, иликтөөдө аты аталган Айэркен Саймаитини тааныбай турганын, өлкөдөн чыгарылып кеткен 700 млн долларга эч кандай тиешеси жок экенин айтты.

“Мен август айынан бери чет мамлекетте бизнес менен алектенип жүргөм. Өзүңөр билгендей ывзы-чуу чыккандан кийин кайра Кыргызстанга келип, тергөө менен кызматташып, мага болгон жалаалардын бетин ачууга кызыктармын. Буюрса тергөө менен кызматташып, суроолоруна жооп берип жатам”, – деди Матраимов.

Ал ошондой эле иликтөөнүн автору Али Токтакуновду, экс-депутат Ширин Айтматованы сотко бергендигин, ал эми “Азаттык” радиосу менен эл аралык деңгээлдже соттошууга даярданып жатканын кошумчалады.

“Менин аброюма шек келтирип, мага жалган маалыматтарды тараткан Али Токтакуновду, Ширин Айтматованы жана башка журналисттерди сотко бердим. Алар менен сотто далилдешебиз. Ал эми “Азаттык” радиосу эл аралык деңгээлде болгондуктан эл аралык деңгээлдеги сотко даярданып жатабыз”, – деди ал.

22-ноябрда "Азаттык" радиосу “Бажыдагы миллиондор: калкалоо жана карактоо" аттуу иликтөөсүн жарыялаган. Анда бажыдагы товар өткөрүүнүн көмүскө схемалары, миллиондогон акчаларды адалдоонун жолдору тууралуу сөз болот.

Финансы полициясынмн жетекчиси Бакир Таиров 2011-2017-жылдар аралыгында которулган акчалар мамлекеттики эмес, соодагерлердин акчасы экендигин билдирген. Ал банктык документтердин көтөрүп чыкканда, иликтөөдө айтылган акчалар соодагерлерге тиешелүү болуп чыкканын айткан.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Жалал-Абадда өрт кырсыгынан 12 кишинин өмүрү сакталды
Жалал-Абадда өрт кырсыгынан 12 кишинин өмүрү сакталды
Бишкекте эки жол тандабас сүзүшүп, натыйжада 3 адам жабыркады
Бишкекте эки жол тандабас сүзүшүп, натыйжада 3 адам жабыркады
ИИМ: 2019-жылы 393 эркек аялынан зомбулук көргөн
ИИМ: 2019-жылы 393 эркек аялынан зомбулук көргөн
Абылгазиев: Жаштарды тарбиялоодо кинематографтын ролу кыйла маанилүү
Абылгазиев: Жаштарды тарбиялоодо кинематографтын ролу кыйла маанилүү
Министр Жаманкулов тарый музейи эмне себептен ачылбай жатканын айтты
Министр Жаманкулов тарый музейи эмне себептен ачылбай жатканын айтты
Мээге терс таасир эте турган адаттар
Мээге терс таасир эте турган адаттар
Элдин акчасын уурдап жүргөн шектүү Москвадан кармалды
Элдин акчасын уурдап жүргөн шектүү Москвадан кармалды
Германия кесипкөй адистерге муктаж
Германия кесипкөй адистерге муктаж
Апта соңунда төмөнкү салатты жасап көрүңүз!
Апта соңунда төмөнкү салатты жасап көрүңүз!
​Хиджабын чечкендиги үчүн өлкөсүнө бара албай жатат
​Хиджабын чечкендиги үчүн өлкөсүнө бара албай жатат
Ашказан рак оорусунун алгачкы белгилери кандай болот?
Ашказан рак оорусунун алгачкы белгилери кандай болот?
Франция Ортоңку Чыгышка учак кемесин жиберет
Франция Ортоңку Чыгышка учак кемесин жиберет
18-январь: абанын температурасы +6 градус болот
18-январь: абанын температурасы +6 градус болот
Борбор калаанын театрлары Россияга гастролго чыгышат
Борбор калаанын театрлары Россияга гастролго чыгышат
​Бокс боюнча дүйнө чемпиону допинг менен кармалды
​Бокс боюнча дүйнө чемпиону допинг менен кармалды
Чүйдө өрт кырсыктарынын саны 23,7 пайызга төмөндөдү
Чүйдө өрт кырсыктарынын саны 23,7 пайызга төмөндөдү