Марлен Маматалиев: "Мен Жогорку Кеңешке элдин жашоосун өзгөртө алам деген максатта келдим"

Марлен Маматалиев:
11-Дек. 2019, Шаршемби, 16:16

“Республика-Ата Журт” фракциясынын депутаты Марлен Маматалиев парламентке келгенге чейин эле бир топ ийгиликтерди багынтып, эл оозуна алынып калган. Быйыл декабрь айында Жогорку Кеңешке депутат болуп келгенине туура 1 жыл 3 ай болот. Эл өкүлү өзүнүн депутаттык ишмердүүлүгү, өлкөдөгү саясий абал, келерки парламенттик шайлоо тууралуу тууралуу ой-пикирлерин ZAMAN.KG маалымат агенттигине бөлүштү.

- Марлен Абдырахманович, иш күнүңүз эмнеден башталат? Жумушка сат канчада келесиз?

- Жогорку Кеңештин иш ырааты ар кандай. Анткени, шаршемби, бейшемби күндөрү жалпы жыйындар күнү 9:00дөн 18:00гө чейин болот. Башка күндөрү комитеттин жыйындары болсо келесиң. Эгерде сен бир комитеттин мүчөсү болсоң, дүйшөмбү, шейшемби күнү барасың. Жума күнү фракциялардын жыйыны болот, фракциянын жыйныны өтсө өтөт, өтпөсө калат. Жыйын болбой калган күндөрү өзүмдүн иш кеңсем бар, ошол жерден мыйзамдарды жазам, жакшы бир идеяларды талкуулап, элдерди кабыл алам. Жогорку Кеңешке эртең менен саат 9:00дө келем.

- Сиз парламентке келгенден бери бир жарым жылдай убакыт өтүптүр. Ушул аралык ичинде кандай иштерди аткара алдыңыз?

- Ооба, тагыраак айтканда, бир жыл үч ай болуптур. Бул мезгилдеги менин жетишкен иштерим: он мыйзамды жазганым жана олуттуу он сунушту өкмөткө бергеним болду. Сунуштарым жөнсалды нерселер эмес, өлкөбүзгө, элибизге керектүү жана пайдалуу сунуштар болгондуктан, алар иш жүзүнө ашмайынча аяганына чейин аракетимди жүргүзө берем. Мисалы, туристтик милициянын ачылышынын бирден-бир автору мен болом. ИИМден “болбойт” деген жооп келген эле башында. Бирок биз ага карабай, айткандан кайтпай тынбай түшүндүрүп жүрүп, кайра-кайра премьер-министрге барып жатып, акыры анын ачылуусуна жетиштик.

Ал эми, баарыбызга белгилүү, биздин мурдагы автобустардан аябай түтүн чыкчу. Мындан улам, экологиябызды сактоо максатында, “Ал автобустарды газ менен жүрүүчү автобустарга алмаштыралы” деп сунуштап жүрүп, азыр ошондой автобустарды алдырттык. Электромобиль боюнча да премьер-министр жакында чечим кабыл алып, аларды 2020-жылы сатып ала турган болдук. Сатып алып эле тим болбой, атайын заряд бере турган жайларды да курабыз деген чечимге токтолдук.

- Мунун сөзсүз ишке ашып кетерине бекем ишенесизби?

- Менин мүнөзүм ушундай, айткан маселемди куру сөз кылып калтырбай, көтөрүп чыккан соң аягына чейин чыгарам. Экологияга байланыштуу дагы бир сунушум бар: ар бир жаран диплом алаардын астында бирден көчөт отургузушу керек деген. Бул сунуш боюнча мага Билим берүү жана илим министри: “Марлен, мен буйругумду чыгарам, эми ар бир жаран диплом алаардын астында сөзсүз бирден көчөт отургузат. Биз университеттерге бак-дарактардын көчөтүн алып беребиз. Көчөт тигип келгенден кийин гана бүтүрүүчүлөр дипломун ала алышат”, – деп жазды. Мен ойлойм, бул сунуш ишке ашса, экологиянын жакшырышына түздөн-түз шарт түзөт.

Жаштар менен жолугушуу


- Жазган мыйзамдарыңыз жөнүндө айта кетсеңиз...

- Алгачкы эле жазган мыйзам тендерлер маселесине байланыштуу болду. Биз бардыгыбыз билебиз, тендерлер таза өтпөйт, тендерлерде каалаган компанияларды өткөрүп, каалабаган компанияларды жыгып салабыз. Акча жейбиз деп сапатсыз мектептерди курабыз. Ушуга окшогон ондогон коррупциялык схемаларды таап чыгып, ошолорго бөгөт коюу максатында атайын мыйзады өзгөрткөм. Жолдордун бардыгы сапаттуу курулбайт. Оор жүк ташуучу унаалар жүктүн салмагын ашыра салып, жолдорду бузуп жатат. 2 млрд долларды жол курууга кетирдик, бирок кайра эле бузуп атабыз. Жолдорго таразаларды койдук эле, ал жакта дагы коррупциялык схемалар толуп кетиптир, азыр мыйзам жазып киргизип жатам.

- Жазылган мыйзамдардан жана өкмөткө киргизген сунуштардан тышкаркы да иштериңиз барбы?

- Албетте. Мамлекеттик бюджеттин акчасы тартыш болгонуна байланыштуу, өз каражатымдын эсебинен кичи мекенимди таза суу менен камсыздап, ФАП, мечит куруп, шаарыбызга балдар аянтчасын орнотуп бердим. Дегеле, жолдорду оңдоо, жарыктандыруу сыяктуу иштерди көп учурда мамлекеттин акчасын күтпөй эле жасап бүтүрөм. Дагы бир маселе, азыр жаштардын көбү китепканаларга барбай калды, бирок алар китепке муктаж. Китепканаларда көп жакшы китептер бар болгону менен, интернетте жок. Ошондуктан, каалаган жаран каалаган китебин интернеттен таба алыш үчүн, жеке каражатыма китептерди электрондук форматка өткөртүп, сайтка жүктөтүп, электрондук база жана мобилдик тиркеме түздүртүп жатам. Эки-үч айдын ичинде бүтүп калса, биздин жаштарга акысыз сунуштайбыз.

- Кээ бир саясатчылар парламентке кадыр-барк топтоо үчүн келишсе, кээ бирлери өзүнүн бизнесин коргоо үчүн келет экен. Сиз кандай максатта саясатка келип, депутат болдуңуз эле?

- Ар бир профессияда өзүнүн жете турган максаттары бар. Мисалы, врач профессор болом дейт, мугалим келечекте мектеп директору болом дейт. Мен окууну бүткөндө эле мамлекеттик кызматкер болуп иштеп калдым. Жөнөкөй адистен баштап өсүп келип, министрдин орун басары болдум, өкмөттө, Жогорку Кеңеште иштедим. Менин бирден-бир ушул жака келейин деген оюм мындай болчу: депутаттын чоң укуктары бар, эгер сен мыйзамды жазсаң, ал сөзсүз түрдө ишке ашат. Мыйзам аткарылууга тийиш. Ошон үчүн мыйзам аркылуу коррупциялык схемаларга бөгөт кое алам, башка жакшы сунуштарды киргизе алам. Эгер мен аткаруучу кызматта иштей берсем, ал жерде андай мүмкүнчүлүк жок. Мага берген мыйзам, токтом боюнча иштеп кете берем. Мен Жогорку Кеңешке элдин жашоо турмушун өзгөртө алам деген максатта келдим. Менин ошого тажрыйбам жетет. Эгер мага бизнес же пиар керек болсо, анда мен мындай жумуштарда иштебейт элем. 1 жылда 10 мыйзам чыгаруу – бул өтө кыйын нерсе. Мен жазган мыйзамдар элге керектүү болчу. Мен бул багытта туура эле келе жатам деп ойлойм.

- Сөзүбүздүн өңүтүн шайлоо тарапка бурсак дейм: кийинки парламенттик шайлоо да жакындап калды. “Республика” партиясы өзүнчө, “Ата Журт” партиясы өзүнчө аттанары айтыла баштады. Сиз өзүңүз кийинки парламенттик шайлоого катышасызбы? Катышсаңыз, кайсы партия менен барасыз?

- Биздин жаштарга партиядан партияга секирип жүрүү жакшы көрүнүш эмес. Уинстон Черчилль өз убагында төрт жолу партиясын алмаштырыптыр. Ага сөз тийгизишип: “Сен ушинте бересиңби, принципиалдуу болбойсуңбу?” – дешиптир. Анда ал: “Менин элге кызмат кылайын деген максатым бар. Элге кызмат кылыш үчүн премьер-министр болушум керек, ал эми премьер-министр болуш үчүн бийликте турган партияда же башка партияда болушум керек”, – деп жооп берген экен. Бизге эми андай нерселер көп коошо бербейт, туруктуу бир партияда болгондун өзү жакшы көрүнүш. Мен аягына чейин күтөм. Биздин партия шайлоого катышса, ушул партия менен барам. Эгер биздин партия шайлоого барбай турган болсо, анда, элди алдабаган, элдин алдында сөзүн берген, ал сөзүн иш жүзүнө ашырып аткара алган партияны тандайм. Мен ал жерде да өтө принципиалдуу болушум керек.

- Учурда шайлоо босогосу тууралуу пикирлер бир кылка болбой, азыркыга чейин кызуу талкуу жүрүп жатат. 9 пайыз босогону Өмүрбек Текебаев 3 пайызга чейин түшүрүү сунушун айтты. Эгер шайлоо босогосу 9 пайыз бойдон калса эмне болот, же калтырбай салса эмне болот? Сиздин оюңуз кандай?

- Биринчиден, - аз пайыз болгондо көп партия өтүп калат экен. Көп партия коалиция түзөт, көп партия коалиция түзгөндө кадимкидей жиликти бөлгөндөй эле министрликтерди бөлүп алышат. Бул жагынан алганда биздин мамлекетке бир аз болбой калат экен. Эгер парламентке 3-4 партия өтсө, эки партия коалиция түзүп алып, жоопкерчиликти өз мойнуна алат. Азыр элге ким жооп берип жатат? Бардыгы эле коалицияга кирип кеткен. Оппозиция болгону менен жоопкерчиликти мойнуна ала турган адам жок болуп атат.

Жаман жагы – азыр саясатташкан көп партия бар. Шайлоодон өтпөй калса дагы алар өз ишмердүүлүгүн улантып кетиши керек. Бул жакта аянтча жок болсо, бизде “көчө оппозициясы” пайда болот. Конституцияда каралган функциялар эшикте иштеп калат. Экинчи жагы – өкмөттө отурган адамдардын көзүн май басып калат. Себеби, үч эле партия өтүп, эки партия коалиция түзүп алса, бир партия чыныгы оппозиция болбойт. Эч ким сындай албай калат.

Мен өзүм шайлоо босогосу беш пайыз болушун колдойт элем. Анткени, беш пайыздык босогону 2015-жылы көрдүк. Беш партия өтөт экен, беш партия парламентке келсе туура эле болот деп ойлойм.

- Азыркы парламенттин ишмердүүлүгүнө кандай баа бересиз?

- Ар бир парламентти эл сындап, ат коюп коет экен. Бирок бул чакырылыштагы парламент өтө элдин сынына калган парламент болуп калды. Ар кандай ыплас сөздөр айтылды. Кээ бирде бизден да кетип калат, бир топ кызматташтарыбыз туура эмес сүйлөп алат. Кээ бирде алардын сөздөрүн кыскартып коюшат. Айтор, эмнеси болсо да бул парламент азыркы аброюн элдин астында ача албай алды. Бирок арасында чын дили менен иштегендер бар. Арасында мүмкүн телевизорго көп чыкпайт, бирок өзүнүн кичи мекенине жакшы иштерди кылып, салым кошкондору бар. Ошол эле учурда иштебегендери бар, өзүнүн кызыкчылыгын, бизнесмин коргоо үчүн келгендери да бар. Жашырганда эмне, элдин баары билет.

- Саясаттагы карьераңызды атаңызга байланыштырып, ушак-айыңдарды тараткандар да бар. Аларга жообуңуз кандай?­

- Менин атам өмүр бою мамлекеттик кызматкер болуп иштеп келген. Мен өзүмдү кичине кезимден баштап чиновниктин баласы деп сезген эмесмин. Мен студент кезимде эле иштеп, окуумдун акчасын өзүм төлөйт элем. Атамдын учурунда бир дагы жолу чет өлкөгө чыгып келбептирмин. Кийин өзүм иштеп жатканда бардым. Атам чын дили менен иштеген, эч качан бюджетке кол салган эмес. Мени ээрчитип, кызматка койгон эмес. Ал мага: “Сени окуттум, үйлөндүрдүм. Эми турмушуң өзүңдүкү”, – деп айткан. Атама балдарымды ээрчитип алып жумасына бир жолу барам, саясат жөнүндө эч сүйлөшпөйбүз.

УЛАНДЫСЫ БАР.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Аймактарды өнүктүрүүгө салым кошуп жаткан ишканалар сыйланды
Аймактарды өнүктүрүүгө салым кошуп жаткан ишканалар сыйланды
Биринчи мугалим Дүйшөндүн кызы “​Эмгек сиӊирген мугалим
Биринчи мугалим Дүйшөндүн кызы “​Эмгек сиӊирген мугалим"​ наамына татыктуу болду
​Джиу-джитсу мелдешинде катуу мушташ чыкты (видео)
​Джиу-джитсу мелдешинде катуу мушташ чыкты (видео)
Баланын ай сайын өнүгүүсү кандай болуш керек?
Баланын ай сайын өнүгүүсү кандай болуш керек?
Кыргыз айым – режиссерлорунун IV Кинофоруму старт алды
Кыргыз айым – режиссерлорунун IV Кинофоруму старт алды
Миң доллар акча опузалаган милициянын мурдагы кызматкери кармалды (видео)
Миң доллар акча опузалаган милициянын мурдагы кызматкери кармалды (видео)
​Хабибдин атасы Конордун реваншы үчүн 100 миллион доллар сурады
​Хабибдин атасы Конордун реваншы үчүн 100 миллион доллар сурады
Көп кабаттуу үйдүн жашоочусу дүкөндүн чатырына кулап түштү
Көп кабаттуу үйдүн жашоочусу дүкөндүн чатырына кулап түштү
Жол кырсыгынан 2 киши набыт болуп, 7 адам жабыр тартты
Жол кырсыгынан 2 киши набыт болуп, 7 адам жабыр тартты
Кытайда титиреген жер титирөө Кыргызстанда сезилди
Кытайда титиреген жер титирөө Кыргызстанда сезилди
Бишкек - Нарын-Торугарт унаа жолундагы кырсыктан бир адам көз жумду
Бишкек - Нарын-Торугарт унаа жолундагы кырсыктан бир адам көз жумду
“Граф” салаты
“Граф” салаты
Манасчы Сапарбек Касмамбетов көз жумду
Манасчы Сапарбек Касмамбетов көз жумду
Жээнбеков кыргызстандыктарга мамлекеттик сыйлыктарды тапшырат
Жээнбеков кыргызстандыктарга мамлекеттик сыйлыктарды тапшырат
​40 секундда нокаут: Конордун жеңиш видеосу
​40 секундда нокаут: Конордун жеңиш видеосу
20-январь: тоолуу райондордо кар жаайт
20-январь: тоолуу райондордо кар жаайт