Марлен Маматалиев: “Кудай берген ресурстарды туура колдонсок, мамлекетибиз өнүгөт эле...”

Марлен Маматалиев: “Кудай берген ресурстарды туура колдонсок, мамлекетибиз өнүгөт эле...”
13-Дек. 2019, Жума, 12:02

“Республика-Ата Журт” фракциясынын депутаты Марлен Маматалиев парламентке келгенге чейин эле бир топ ийгиликтерди багынтып, эл оозуна алынып калган. Быйыл декабрь айында Жогорку Кеңешке депутат болуп келгенине туура 1 жыл 3 ай болот. Эл өкүлү өзүнүн бейнеси тууралуу маек курду. Маектин биринчи бөлүмүн ушул шилтеме аркылуу кирип окуй аласыздар.

- Сиз студент кезиңизден баштап эле өзүңүзгө өзүңүз каражат таап, таксист болуп да иштеген экенсиз. Алгачкы унааңызды качан, кантип алдыңыз эле?

- Башында социалдык фонддо иштеп жүргөндө 2000 миң сом айлык маяна алчумун. 2000 миң сом жетпейт, ошол учурда үйлөнүп да алгам. “Жигули” деген машинем менен кечинде жумуштан чыгып алып кардарларды жеткирип таксит болуп иштейт элем. Таксист болуп иштегенде 200-300 сом таап койчумун. Кээ бир учурларда түнгө чейин иштейт болот элем. Ар бир бизнесте болобу, башка нерседе болобу бир убактысы болот, мен ага чейин попкорн сатып да жакшы иштеткем. Бирок мамлекеттик кызматка келгенде “бизнес менен алектенбейсиң” деген мыйзам бар. Мен бизнесимдин баарын таштап койгон элем. Кийин кыйналып, досторум менен аракет кылып дагы 1-2 бизнести алып кеткенбиз. Таксист болуп иштөө – жакшы эле көрүнүш деп ойлойм, андан кемип деле кетпейсиң. “Жигулини” 30 миң сомго алгам. Попкорн сатып иштеп жүрүп чогулткан акчам 25 миң сом болуптур. Машина алам деп барсам, "жигулинин" баасы 30 миңге чыгып калды. 25 миң сомун акчалай берип, ага кошуп касета салынган магнитофон берип атып эптеп 30 миңге жеткирип алгам.

- Кызматташыңыз Камчыбек Жолдошбаев депутат айымдардын маршруткадан түшүп Жогорку Кеңешке жөө басып келгенинен уяла турганын айткан эле. Сиз эмнеден уяласыз?

- Адамдар ар кандай транспорт каражаттары менен жүрөт. Мындан уялбай эле коюш керек, тескерисинче жөнөкөй болуш керек. Кыргыз жарандары ар тарапта өзүнүн үй-бүлөсүн, ата-энесин багам деп жүрөт. Биз, мамлекет ошолорго шарт түзүп бере албаганыбызга уялам. Эмне үчүн ошол жарандарыбыз турист болуп чыкпайт? Биз улуу кыргыз элбиз, азыркы көрүнүш убактылуу көрүнүш деп ойлойм. Сөзсүз түрдө биз өсөбүз, өнүгөбүз.

- Акыркы жолу коомдук унаага качан түштүңүз эле?

- Өзүм алты ай мурун досторубуз менен түштүк магистралдан маршурткага эле отура калалы деп түшкөм. Бир жолу унаам бузулуп калганда “Asia Moll” соода борборунун алдынан Филармонияга чейин маршрутка менен баргам. Бир жылда 2-3 жолу түштүм.

- Кыргызстанда билим берүү, медицина тармагы артта калып, алдыга жыла элек. Канча убакытка чейин Сингапурга суктанып жүрө беребиз?

- Кээ бир мектептерде 1-класста 40-50дөн окуучу отурат. Биздикиндей эле көрүнүш 1970-жылдары Улуу Британияда болгон экен. Алар жеке тармак менен өнөктөш болушуп – окууну, мугалимдерди эмес, мектептерди куруу иштерин жеке жактарга берип коюшкан. Мен ушуну өкмөткө сунуш кылдым: “Англиянын тажрыйбасын алып көрбөйлүбү?” деп. Бюджетибиздин акчасы баардык нерсеге жетпей турганы түшүнүктүү. Билим берүү системасын өзгөртүү үчүн биринчи кезекте мектептин көйгөйүн чечип алышыбыз керек. Баардык аймактарыбыз мектептер менен камсыз болгондон кийин, мугалимдерге көңүл бурушубуз шарт. Анткени, айылдардагы мугалимдердин деңгээлин көрүп жатабыз - шаардын деңгээли менен салыштыра келгенде айырма өтө чоң. Биз ушуну теңеп, окуучулар англис, орус, кыргыз тилин бирдей биле турган деңгээлге да жеткиришибиз керек. Ал эми ЖОЖдорду карай турган болсок, биз балдарды сыртка жиберип, алар менен 20 жылдык мөөнөткө контракт түзүшүбүз керек. Анткени, алар барып окуп келип, окуп келгенинин жемишин өз өлкөсүнө берип, мамлекеттин өсүүсүнө салымдарын кошушу зарыл. Ушундай системага өтмөйүнчө, эптеп эле окууну бүтүп, эптеп эле үйдө диплом жатсын деп жүрө беребиз. Азыр “билим берүүгө канча каражат керек” деп сурасаңыз, “40 млрд. керек” дешет. Ал эми 40 млрд. сом биздин жалпы бюджеттин үчтөн бир бөлүгү. Үчтөн бир бөлүгүн мектеп кургула деп дароо эле бере албайбыз да. Эми медицина боюнча. Биздин ооруканага кирсеңиз, коррупция бахила саткандан башталат. Жеке клиникада бекер берилет. Бирок кызмат акысы асман менен жердей. Бардыгын автоматташтырып, санарип системасын киргизиш керек. Жөнөкөй эле пациент жатса, ага мынча акча кетти деп жазганын баштап бардык жерде коррупция. Коррупцияны жоймоюнча өнүгүү болбойт деп ойлойм.

Бул иш сапарым жемиштүү болду деп ойлойм. Себеби, айылдын көйгөйлүү маселелеринин бири болгон таза суу маселесин чечип, суу чыгарып берип келдим.

- Өлкөнүн бюджети парламентте каралып жатканда премьер-министрге суроо салып, NDI эл аралык уюму иликтеген Кыргызстандагы эң негизги эки көйгөйдү – жумушсуздук жана коррупцияны айтып бердиңиз. Ушул эки көйгөйдү чечүүнүн жолу барбы? Болсо кандай?

- Мен ал суроону бекер берген жокмун. Өзүнүн баяндамасында айтты: Менин эң негизги максатым – жарандардын жашоосун жакшыртуу”, – деп. Жарандардын жашоосун жакшыртуу үчүн биринчи кезекте жарандардын көйгөйүн билиш керек, андан кийин план түзүш керек. Премьер-министр башка көйгөйлөрдү айтып койду. Ал көйгөйлөр артында эле калат. Мен да эл менен жолукканда сурап жүрөм, социалдык тармактан дагы жазышат, 9/1 бөлүгү жумуш сурап жазат, 9/3 бөлүгү коррупция жөгүндө жазат. Демек, айтылган изилдөө чындыкка жатат. Жумушсузддук көйгөйү – башкы маселе. Ошон үчүн чет өлкөдө жумуш издеп тентип жүрөбүз да. Таанышы барлар жумушка кирип кетет. Бир топ Кудай берген ресурстарыбыз бар. Ошолорду туура колдонсок, мамлекетибиз өнүгөт эле. Анын алкагында бизде жумуш орундары түзүлүлмөк. Мисал катары айтып кетейин, биз көп эле насыя алабыз. Кытайдан 1 млрд насыя алып жолду куруп жатабыз. Бирок ошол жолду курууКытайлык компанияга берип коебуз. Биз Кытайдан карыз жатабыз, курган компания – Кытай. Кара-Балта-Ош жолун Азербайжанга беип койдук. Насыя такыр башка мамлекеттики. Демек, өзүбүздө да кетип жатат. Мен айтып жатам, эгер биз насыя алсак, ссөзсүз түрдө биздин жарандар жол куруш керек. Кудай берген суубуз бар, кендерибиз, жаратылышыбыз бар. Ушулардын бардыгын туура колдонуп кете алсак, экономикабыз көтөрүлмөк. Биз билебиз, туризм менен эле жашап кеткен мамлекеттер бар. Сингапур элинин акылы менен эле жашап кетти.

Мамлекеттик бюджеттин акчасы тартыш болгонуна байланыштуу, өз каражатымдын эсебинен ФАП, мечит куруп, шаарыбызга балдар аянтчасын орнотуп бердим.

Дегеле, жолдорду оңдоо, жарыктандыруу сыяктуу иштерди көп учурда мамлекеттин акчасын күтпөй эле жасап бүтүрөм.

- Сиз баалаган беш саясатчыны атап берсеңиз?

- Азыр коом “жаштар, жаңы жүздөр келсин” , “эскилердин бардыгы коррупционер” деп айтып жатат. Албетте, жылыш болушу керек, жаңы муундагы балдар келиши керек. Коррупцияга малынган кишилерди жолотпош керек. Мен ага да макулмун. Ошол эле учурда коррупцияга малынбагандардын, аксакал кишилердин кеңешин алууга милдеттүүбүз. Мен өзүм иштешкен кишилерди атап кетсем туура болот. Анткени, мен алардын жаман жактарын көргөн жокмун, жакшы жактарын көрдүм. Мүмкүн мен билгебеген сырлар бардыр. Мен алгач Акылбек Жапаров менен иштешип кеткем. Менин убагымда бул кишинин бир жерден уурдады деп айта албайм. Мени менен иштегенде таза жана чын дили менен иштечү. Өмүрбек Бабанов менен да иштедим. Ал кишини дагы жейин дегенин көргөн жокмун. Тескерисинче, элге кызмат кылайын деп иштеди. Феликс Кулов мен да жакшы иштедик. Бироку Кулов көп нерсени чечкиндүү эмес кылып койду, кийин өзүнө деле айтып берем. Чекиндүү кадамдарга барса, көп нерсени кылмак эле. Эски кишилерден Турдакун Усубалиевди, Төрөкул Айтматовду, Искак Раззаковду айтмак элем.

- Жакында эле “Азаттык” радиосу кезектеги иликтөөсүн жарыялады. Укук корго органдары ачык-айкын иликтейт деп ойлойсузбу?

- Бул коррупциялык схема мурда эле болуп келген, аны бир эле киши таап чыккан эмес. Азыр баары ачылып, элге жарыя болуп билинип жатат. Ким келбесин кишини эмес, системаны сындыра турган учур келди. Биринчиден, коом талап кылып жатат. Экинчиден, баары билип калды, жашыруун эмес. Мурда 28 жыл жашыруун болуп келген. Мен баарынын бетине айта алам, керек болсо көргөм. Болгону муну ачыкка айта албай жүргөн нерселер бар. Бир эле киши жасап кетти деп айта албайм. Бул системада көп киши бар, ал ошон үчүн система деп аталат. Учурдан пайдаланып муну тамыры менен сындырышыбыз керек, аягына чейин жетиш керек. Депутаттык комиссия өз иликтөөсүн да ачык-айкын өткөрүш керек. Мамлекеттик органдар дагы элге жарыя кылып, ушуга бөгөт койсо, анда мен эки колум мен колдоп берем. Эгерде кандайдыр бир оюндар менен, эптеп эле шылтоо менен адамдарды күнөөлүү же күнөөлүү эмес деп бир жакка тээп салып системаны калтырып койсо,мен биринчилерден болуп каршы чыгам.

- Социалдык тармактарда өзүңүз отурасызбы? Баракчаларыңызга өзүңүз кирсеңиз, элден келген кайрылуулардын канчасына жооп бергенге жетишесиз?

- Мен “Фейсбук” менен “Инстаграмда” элдин суроолоруна жооп берүү процессин өзүм алып барам. Жардамчыларымды жеке катка кирүүсүнө тыюу салгам. Алар менин жолугушууларымды, сүйлөгөн сөздөрүмдү гана жүктөшөт. Себеби, мен физикалык жактан жетишпейм. Элге өзүм жооп берем. Себеби, ар бир жаран жөн жазбайт. Мейли, түнкү саат 12:00 болсо да жооп берем. Уктаардын алдында мага келген каттарды окуйм, жооп бермейинче уктай албайм.

- Акыркы суроом, депутат болом деген жаш балдарга кандай кеңеш берет элеңиз?

- Депутат болуу – чоң саясатты көздөй баскан кадамы. Саясатчы болом дегенден кийин көп нерсеге даяр болушу керек. Саясатка келүүнүн эки жолу бар. Биринчиси – бул тепкич менен чыгуу. Экинчиси – лифт менен чыгуу эе парашют менен түшүү. Мен тепкич мен чыгуу жолун тандоону кеңеш берет элем. Канчалык сен акырын чыксаң, ошончолук акырын жыгыласың. Канчалык сен тез чыксаң, ошончолук тез жыгыласың. Мен өтө көп жаш балдарды билем, эч жерде иштебей туруп министрдин орун басары болуп калып же бирт заматта депутат болуп калып, азыр иштей албай жүрүшөт. Тез эле депутат болуп алып эмне кыласың? Өзүнүн тепкичи менен келиши керек. Эрте келип алып эч нерсе билбейсиң же сүйлөй албайсың, мыйзам жаза албайсың. Ушундай да депутаттар бар. Демек, артында “багажы”, тажрыйбасы жок. Же сен мыкты журналист болушуң керек, ушулардын бардыгын ар дайым көрүп, билип жүрөсүң. Же болбосо мамлекеттик кызматтын бир тармагында тепкич менен келгенде сенин сфераң болот.Мен айтпайм, өмүр бою бир жерде отур деп, кичине болсо да “багаж” чогулутуп алуу керек .Экинчиден, саясатта баары таза эмес. Саясатта адам ар кандай нерселерге учурайт. Ошолорго даяр болуш керек. Сен түшүнүшүң керек, сен ошол оюнда ойнойсуң же ал оюн сени менен ойнойт. Түз эле жүрсөң, баары эле түз болуп кете берет. Мен ар дайым өзүмдү ушинтип түз кармап кете берем, мени менен интрига ойногондорго жооп берип ойнобойм. Мени мени менен урушам дегендер менен урушпайм. Себеби, аягында келип меники туура чыгат. Мен ушул жолду тандагам, мага жардам берип жүрөт. “Марлен айтса, сөзсүз кылат, Марлен айтпаса кылбайт” деп коюшат. Ушундай сөз калсын дегенге умтулуш керек. Саясатчы болом деп эле элди алдап, өзүңдү алдап максат жетүү туура эмес.



Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
14 шаарга вулкан коркунучу эскертилди
14 шаарга вулкан коркунучу эскертилди
Украинанын премьер-министри отставкага арыз жазды
Украинанын премьер-министри отставкага арыз жазды
19-январь: көпчүлүк аймакта күн ачык болот
19-январь: көпчүлүк аймакта күн ачык болот
Борбор калаадагы башкы балаты эки күндөн кийин алынат
Борбор калаадагы башкы балаты эки күндөн кийин алынат
​UFC президенти: “Конор титулдук таймашка чыгат”
​UFC президенти: “Конор титулдук таймашка чыгат”
 Коммуналдык кызматтын акчасын өзүнө ыйгарып алып турган жаран кармалды
Коммуналдык кызматтын акчасын өзүнө ыйгарып алып турган жаран кармалды
Министр: мугалимдердин айлыгы каникул учурунда кыскартылбайт
Министр: мугалимдердин айлыгы каникул учурунда кыскартылбайт
Бишкектин студенттери 115 жетим балага жардам көрсөтүштү
Бишкектин студенттери 115 жетим балага жардам көрсөтүштү
​Бүгүн “Конор – Серроне” таймашы: Кимиси жеңет?
​Бүгүн “Конор – Серроне” таймашы: Кимиси жеңет?
Кылмыштуу топтун “Казак” аттуу мүчөсү кармалды
Кылмыштуу топтун “Казак” аттуу мүчөсү кармалды
Исхак Раззаковдун 110 жылдыгын өткөрүү боюнча уюштуруу комитети түзүлдү
Исхак Раззаковдун 110 жылдыгын өткөрүү боюнча уюштуруу комитети түзүлдү
​Кыргызстан курамасынын футболчулары күйөрмандарга  жолугат
​Кыргызстан курамасынын футболчулары күйөрмандарга жолугат
Жалал-Абадда өрт кырсыгынан 12 кишинин өмүрү сакталды
Жалал-Абадда өрт кырсыгынан 12 кишинин өмүрү сакталды
Бишкекте эки жол тандабас сүзүшүп, натыйжада 3 адам жабыркады
Бишкекте эки жол тандабас сүзүшүп, натыйжада 3 адам жабыркады
ИИМ: 2019-жылы 393 эркек аялынан зомбулук көргөн
ИИМ: 2019-жылы 393 эркек аялынан зомбулук көргөн
Абылгазиев: Жаштарды тарбиялоодо кинематографтын ролу кыйла маанилүү
Абылгазиев: Жаштарды тарбиялоодо кинематографтын ролу кыйла маанилүү