Исаков “Таза коом” кантип каржыланарын айтты

Исаков “Таза коом” кантип каржыланарын айтты
30-Май 2017, Шейшемби

Бүгүн, 30-майда Бишкекте өтүп жаткан “Таза Коом. Глобалдык тенденциялар жана кызматташтык мүмкүнчүлүктөрү" деп аталган жыйында президенттик аппараттын башчысы Сапар Исаков долбоорду каржылоо булактарын атады.

Аны менен бирге “Таза коом” долбоорун ишке ашыруу үчүн өнөктөш фонд түзүү сунушун киргизди.

“Айрым долбоорлорго чоң акча эмес, саясий эрк талап кылынат жана ага салынган акча кайра кайтарылат. Аларды ишке ашырууга бизнес сектор тартылат. Фонддун иши ачык жана айкын болушу шарт. Иштөө тартибинде чет элдик уюмдардан үлгү алса болот»,- деди Исаков.

Кыргызстанды жогорку технология аркылуу өнүктүрүүнү көздөгөн "Таза коом" улуттук долбоору апрель айынын башында жарыяланган. Долбоор 2040-жылга чейинки туруктуу өнүгүү боюнча улуттук стратегиянын бир бөлүгү экени айтылып, буга көп жылдан бери ишке ашпай келе жаткан “Коопсуз шаар” долбоору да кирери маалымдалган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!