Президенттик шайлоонун так датасы белгилүү болот

Президенттик шайлоонун так датасы белгилүү болот
31-Май 2017, Шаршемби

Бүгүн, 31-майда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында “Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо" жөнүндөгү мыйзамга сунушталган өзгөртүүлөрдү киргизүү маселеси каралат.

Парламенттин маалымат кызматы билдиргендей, аталган мыйзам долбоору буга чейин экинчи окууда добуш берүүгө жиберилген.

Анда күзүндө болуучу президенттик шайлоону 15-октябрга белгилөө, президенттик талапкерлердин күрөөсүн 2 млн. сомго чейин көтөрүү, пайыздык чекти 7 пайыздан 9 пайызга чейин жогорулатуу сунушталган.

Президенттик шайлоонун так датасы азырынча расмий жарыялана элек. Буга чейин азыркы иштеп жаткан мыйзам боюнча 19-ноябрь деп айтылган. Ал ортодо шайлоо боюнча өткөн парламенттик угууда КСДПнын лидери Иса Өмүркулов тарабынан 15-октябрда өткөрүү сунушталган. 29-майда куралдуу күчтөр күнүнө арналган салтанатта президент Алмазбек Атамбаев да добуш берүү күнү 15-октябрда болорун билдирген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!