Депутат Кыргызстандын Тажикстандагы элчиси эмне иш кылып жатканына кызыкты

Депутат Кыргызстандын Тажикстандагы элчиси эмне иш кылып жатканына кызыкты
14-Янв. 2020, Шейшемби, 09:42

Бүгүн, 14-январда Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде Өзбекстан жана Тажикстан Республикасы менен мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча комиссиянын ишинин жүрүшү жөнүндө маселе каралды.

Анда аталган комитеттин төрагасынын орун басары Абдывахаб Нурбаев Кыргызстандын Тажикстандагы элчиси Жаныш Рустенбеков эмне иш кылып жатканына кызыгып, Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) өкүлүнө суроо узатты.

“Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги менен кандай жумуштар аткарылып жатат? “Элчи өзүн көрсөтпөй жатат”, “акыбал жөнүндө өзү чыгып айтпайбы” деп социалдык тармакта ар кандай нааразычылыктар болуп жатат. Биздин элчи эмне иш кылып жатат?” – деди Нурбаев.

Депутаттын суроосуна жооп берген ТИМдин өкүлү Кыргызстандын Тажикстандагы элчиси өзүнө тиешелүү милдеттерин аткарып жатканын айтты.

“Тажикстандын тышкы иштер министрлиги менен эки тараптуу жолугушуулар болуп жатат. Түз байланыш аркылуу да сүйлөшүп жатабыз. Чек арадагы окуя катталганда Тажикстандык элчилигиние нота тапшырдык. Элчи өзүнүн милдеттерине ылайык иштерин жүргүзүп жатат. Элчилик кызмат – саясий орган болгондуктан өзүнүн ишин саясий нукта алып барып жатат, – деди ТИМдин өкүлү.

9-январдан 10-январга караган түнү кыргыз-тажик чек арасында кайрадан чыр чыгып, ок атылган. Учурда кырдаал туруктуу деп бааланууда. Бүгүн вице-премьер-министр Жеңиш Разаков башында турган делегация чек арадагы кырдаал боюнча тажик тарап менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат.

13-январда Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Тажикстандын Кыргызстандагы элчиси Сухроб Олимзоданы кызматынан бошотуп, анын ордуна Ализода Назирмадды дайындады.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
14 шаарга вулкан коркунучу эскертилди
14 шаарга вулкан коркунучу эскертилди
Украинанын премьер-министри отставкага арыз жазды
Украинанын премьер-министри отставкага арыз жазды
19-январь: көпчүлүк аймакта күн ачык болот
19-январь: көпчүлүк аймакта күн ачык болот
Борбор калаадагы башкы балаты эки күндөн кийин алынат
Борбор калаадагы башкы балаты эки күндөн кийин алынат
​UFC президенти: “Конор титулдук таймашка чыгат”
​UFC президенти: “Конор титулдук таймашка чыгат”
 Коммуналдык кызматтын акчасын өзүнө ыйгарып алып турган жаран кармалды
Коммуналдык кызматтын акчасын өзүнө ыйгарып алып турган жаран кармалды
Министр: мугалимдердин айлыгы каникул учурунда кыскартылбайт
Министр: мугалимдердин айлыгы каникул учурунда кыскартылбайт
Бишкектин студенттери 115 жетим балага жардам көрсөтүштү
Бишкектин студенттери 115 жетим балага жардам көрсөтүштү
​Бүгүн “Конор – Серроне” таймашы: Кимиси жеңет?
​Бүгүн “Конор – Серроне” таймашы: Кимиси жеңет?
Кылмыштуу топтун “Казак” аттуу мүчөсү кармалды
Кылмыштуу топтун “Казак” аттуу мүчөсү кармалды
Исхак Раззаковдун 110 жылдыгын өткөрүү боюнча уюштуруу комитети түзүлдү
Исхак Раззаковдун 110 жылдыгын өткөрүү боюнча уюштуруу комитети түзүлдү
​Кыргызстан курамасынын футболчулары күйөрмандарга  жолугат
​Кыргызстан курамасынын футболчулары күйөрмандарга жолугат
Жалал-Абадда өрт кырсыгынан 12 кишинин өмүрү сакталды
Жалал-Абадда өрт кырсыгынан 12 кишинин өмүрү сакталды
Бишкекте эки жол тандабас сүзүшүп, натыйжада 3 адам жабыркады
Бишкекте эки жол тандабас сүзүшүп, натыйжада 3 адам жабыркады
ИИМ: 2019-жылы 393 эркек аялынан зомбулук көргөн
ИИМ: 2019-жылы 393 эркек аялынан зомбулук көргөн
Абылгазиев: Жаштарды тарбиялоодо кинематографтын ролу кыйла маанилүү
Абылгазиев: Жаштарды тарбиялоодо кинематографтын ролу кыйла маанилүү