“Азия-ньюстун” башкы редактору Аскер прокуратурасына сурак берип чыкты

“Азия-ньюстун” башкы редактору Аскер прокуратурасына сурак берип чыкты
15-Янв. 2020, Шаршемби, 12:00

"Азия-ньюс" гезитинин башкы редактору Асланбек Сартбаев Аскер прокуратурасына сурак берип чыкты. Ал тергөөнүн купуялуугун ачыкка чыгарбоо боюнча кол коюп бергенин айтып, иштин жагдайларын ачыкка чыгарган жок.

“Мен бүгүн саат 11.00дөн 16.00гө чейин Аскер прокуратурасында күбө катарында сурак бердим. Тергөөнүн кызыкчылыгына жараша иштин жагдайын, кайсы бир адамдардын аты-жөндөрүн атабашым керек экен. Бирок кыжалат болдум... Мага сарсанаа болгон жолдошторго, тилектештерге ыраазымын”, – деп жазды Сартбаев “Фейсбуктагы” баракчасына.

Жарандык активист Адиль Турдукулов Сартбаевдин суракка чакырылышын вице-премьер-министр Жеңиш Разаковду сындап жазган макалалары менен байланыштырса, айрым интернет сайттар мурдагы Ички иштер министринин орун басары Курсан Асановдун иш боюнча суракка чакырылганын жазып чыгышты.

Буга чейин вице-премьер-министр Жеңиш Разаков “Азия news” гезитин 1 млн сом доого жыккан.

Жеңиш Разаков өзүнүн доо арызында “кыскасы, мындай чыккынчы, саткын контрабандистке бийлик тез арада чара көрөбү?” деген бөлүктөгү маалыматтарды чындыкка дал келбегенин айтып, соттон “менин ар-намысыма, кадыр-баркыма жана ишкердик беделиме доо келтирген” деп таанууну өтүнгөн.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР