Төрөбаев: Эшек, ат менен элдин жашоо деңгээлин аныктабаш керек

Төрөбаев: Эшек, ат менен элдин жашоо деңгээлин аныктабаш керек
16-Янв. 2020, Бейшемби, 04:30

Эшек, ат менен элдин жашоо-турмушунун деңгээлин аныктабаш керек. Мындай пикирин “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын лидери парламенттин жыйынында айтты.

Ал жарандардын жашоо-турмушунун деңгээлин жогорулатуу, шарттарды түзүп берүү – өкмөттүн түздөн-түз милдети экенин эскертип өттү.

“Эшек, ат менен деңгээлди аныктабаш керек. Мен ойлойм, билим менен баалаш керек. Эгерде Россия Федерациясынын президентинин кечээги сөзүн уксак, эң биринчи маселе – демографияны айтып кетти. Кыргызстанда демография боюнча оң жак болуп жатат. Статистиканы карасак, бир күндө деморгафиянын өсүшү 292 адам болуп жатат. 70 адам миграцияга кетип жатат. Эми ойлоп көрүңүз, бир күндө төрөлгөн баланын келечекте билими, жашоо-турмушу кандай болот? Өкмөткө айтат элем, көз-карашты өзгөртүш керек. Бизге келечекте төртүнчү өндүрүштүк революция келе жатат. Ал жерде жаңы ойлор, жаңы технологиялар, жаңы билим келе жатат”, – деди Төрөбаев.

Вице-премьер-министр Кубатбек Боронов парламенттин жыйынында айылдарда эшек, ат мингендер азайып, автоунаа мингендер көбөйгөнүн айтып, ал мындай көрүнүштү элдин жашоо шарты жакшырып калганы менен байланыштырган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР