Карамат Орозова Баткендеги жайыт жер Тажикстанга өтүп кеткенин айтты

Карамат Орозова Баткендеги жайыт жер Тажикстанга өтүп кеткенин айтты
16-Янв. 2020, Бейшемби, 06:55

Жогорку Кеңештин депутаты Карамат Орозова Баткендеги парламенттин жыйынында жайыт жерлер Тажикстанга өтүп кеткенин айтып, элдер буга абдан нааразы болуп жатканын билдирди.

Самаркендек айылдык аймагында көмүр кени иштетилет. Көмүрдү деле Тажикстан алат. Аталган аймакта Мадиген, Ак-Чечек деген жайыт жер бар. Ал жайыт Тажикстанга качан өтүп кеткенин билбейм, эл буга аябай нааразы. Ал жерге Тажикстан кыштак түзүп алган. Аны кайтарууга болобу, жокпу билбейм. Ал жерде жогорку сапаттагы цемент, кыш чыгар турган сырьелор бар. Ал жерге цемент заводун курсак болот”, – деди Орозова.

Ал ошондой эле келерки жумада Баткенди өнүктүрүү боюнча өкмөттүк күн өтөрүн маалымдап, ага өкмөт куру программа менен келбестен каржы маселелерин да чечип келүүнү сунуштады.

“Суу таңкыстыгын чечүү суу сактагычтарды курууну колго албасак болбойт. Себеби, биз сууну өмүр бою кошуна өлкөлөр менен биргеликте пайдалангандыктан, чек аралар такталган учурда да көйгөйлөр токтобойт. Ошону менен катар чек арага чектеш жерлерде бош жерлер көп. Ошол эле мезгилде трансформация болбогондуктан Баткендин жашоочуларына тамарка берүү 20 жылдан бери токтоп турат. Алардын 2 сотыхтан үлүш жерлери бар, бирок жумуш жок. Элдин экономикалык абалы абдан оор. Ошондуктан өкмөт мамлекеттик ипотека менен көп кабаттуу үйлөрдү куруп беришсе, каржысы барлар төлөп алат. Ал эми аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ссуда жана арзан насыя берүүнү программага киргизип кетким келет”, – деди депутат.

Акыркы учурда кыргыз-тажик чек арасында чыр-чатактар көп катталууда. 14-январда Кыргызстан мененТажикстандын өкмөт мүчөлөрү жолугушуп, протоколго коюшту. Ага ылайык, топографиялык жумушчу топторго Баткен районунун жана Исфара шаарынын ортосундагы «Самаркандек» жана «Көк-Таш» тилкелеринин ортосундагы жерлерди аныктап, жерлерди алмашуу боюнча макулдашылган сунуштарды 2020-жылдын 1-мартына чейин иштеп чыгуу тапшырылды.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР