Сулайманов: Шайлоодо добушту миң сомго эмес, 10-20 миң сомго сатыш керек (видео)

Сулайманов: Шайлоодо добушту миң сомго эмес, 10-20 миң сомго сатыш керек (видео)
22-Янв. 2020, Шаршемби, 09:56

"Бир Бол" фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов шайлоодо добушту кымбатыраак сатыш керек деп эсептейт. Бул тууралуу ал “Парламентаризм сабактары” берүүсүндө “Алдыдагы шайлоодо добуш сатып алууну кантип токтотсо болот?” деген суроого жооп берип жатып айтты.

“Мен минтип айтат элем: добушту миң сомго эмес, жок дегенде 10 миң, 20 миң сомго сатыш керек. Ошондо 300 миң сомдук мандат 3 млн долларлык мандатка айланат. Ошентип, эл олигархтарды жазалайт, 3 млн долларга мандат сатып алыш пайдасыз болуп калат. Ошондо мандат сатып албаган билимдүү, акылдуулар келет”, – деди Сулайманов.

2015-жылдын 4-октябрында болуп өткөн парламенттик шайлоого 14 саясий партия катышып, 6 саясий партия Жогорку Кеңешке келген.

2015-жылы болгон парламенттик шайлоодо 8.36 % добуш алган “Бир Бол” фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов 2017-жылы шайлоо босогосу 9% болсун деп добуш бергенин, азырынча ушул эле позицияны карманып жатканын билдирген эле.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР