Жунус уулу: Мектептерде ата-энелерден акча чогултуу өнөкөтү кайра башталыптыр

Жунус уулу: Мектептерде ата-энелерден акча чогултуу өнөкөтү кайра башталыптыр
23-Янв. 2020, Бейшемби, 04:29

Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Жунус уулу парламенттин жыйынында мектептерде ата-энелерден акча чогултуу өнөкөтү кайра башталганын айтты.

Ал айрым аймактарда ата-энелерден чогултулган акча мектептин ремонтуна эмес, мектеп директорунун капчыгына кетип жатканынан улам ата-энелер нааразы болуп жатканын билдирди.

“2019-жылы мектептерде ата-энелердин чогултуп жаткан акчалары боюнча чоң чыр болду эле. Ошонун аркасынан мектептерде акча чогултуу токтотулуп, иштер оң жагына бурулган. Бирок жаңы жылдан кийин ата-энелер кайра кайрылып жатат, кээ бир мектептерде күчкө салып, ата-энелерин кыйнап, “мектептин акыбалы начар болуп жатат” деген себептерди айтып акча чогултуп жатышыптыр.Ушул боюнча өкмөт так позициясын билдириши керек”

Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков өткөн жылдын октябрь айында “Республиканын жалпы билим берүү уюмдарында мыйзамсыз акча чогултуу жөнүндө буйрук чыгарган. Ага ылайык, акча чогултуу боюнча окуучуларга, ата-энелерге мугалимдер тарабынан басым көрсөтүлөт турган болсо тартиптик жаза чараларын көрүү менен кызматынан бошотуу маселеси да каралган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР