Жунус уулу: Өкмөт логистикалык борбор боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн

Жунус уулу: Өкмөт логистикалык борбор боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн
23-Янв. 2020, Бейшемби, 05:53

Өкмөт Ат-Башы районунда курула турчу логистикалык борбор боюнча элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүшү керек. Бул тууралуу депутат Алтынбек Жунус уулу парламенттин жалпы жыйынында билдирди.

“Социалдык тармактардагы айрым адамдардын кандай кызыкчылыктары бар экенин билбейбиз. Бирок Логистикалык борбордун ачылышына тоскоол болуп, “Кытайга жер өтүп жатат" деген шылтоолорду айтып каршылык көргөзүп жатышат. Ушул боюнча өкмөт элге кененирээк түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн”, – деди депутат.

Ушул тапта Нарындын Ат-Башы районуна курулат деген логисткалык борбордун айланысында ар кандай кеп-сөздөр айтылууда. Коомчулук “Ат-Башыдагы жер Кытай тарапка өтүп кетет" деп чочулап жатышат.

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков “Би-Би-Сидеги” маегинде 176 гектар жер логистикалык борборуна берилип, анын 4 гектарына бажы инфраструктурасы курула тургандыгын айткан. Анын билдиришинче, мыйзамдын негизинде кандайдыр бир биргелешкен ишканалар ачыла турган болсо, анын 20 пайыздан ашпаганы гана чет элдик жумушчулар, 80 пайыздан кем эмеси жергиликтүү жарандар болуш керек.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР