Мирлан Бакиров: Турмушуна нааразы болгон адамдары Памирге жөнөтүш керек

Мирлан Бакиров: Турмушуна нааразы болгон адамдары Памирге жөнөтүш керек
23-Янв. 2020, Бейшемби, 06:37

Турмушуна нааразы болгон адамдары Памирге жөнөтүш керек. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Мирлан Бакиров парламенттин жыйынында билдирди.

"Кыргызстандагы бүгүнкү турмушка нааразы болгон тараптар болсо ошол жерге бир жумага жолдомо алып жөнөтүш керек. Кандай оор турмушту башынан өткөрүп жаткандыгын көзү менен көрүп, жон териси менен келсе, мүмкүн турмушка болгон көз карашы өзгөрөт”, – деди Бакиров.

Ал памирлик кыргыздарды колдоо боюнча мамлекет тарабынан колго аларлык жумуштар жүрүп жатканын айтты. Андан сырткары, аларга күрөөсү жок насыя берип, мал менен камсыз кылуу үчүн өкмөт мамлекеттик программа иштеп чыгуу керектигин белгиледи.

Миграция кызматынын маалыматына ылайык, учурда Памирде 2100гө жакын этникалык кыргыз жашап жатат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР