Франкурт-На-Майне. Төрага Германиядагы шаардын аталышын туура окуду (видео)

Франкурт-На-Майне. Төрага Германиядагы шаардын аталышын туура окуду (видео)
23-Янв. 2020, Бейшемби, 07:12

Бүгүн, 23-январда "2017-жылдын 25-сентябрында Франкурт-на-Майне шаарында кол коюлган “Агрардык өндүрүштүк-сатып өткөрүү байланыштарын каржылоо” долбоору боюнча Кыргыз Республикасы менен Германия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу” мыйзамдын долбоору каралды.

Бул жолу төрага Дастан Жумабеков Германиядагы шаардын аталышын туура окуду.

Буга чейин Дастан Жумабеков Франкурт-На-Майне шаарын (Кыргызчасы - Майндагы Франкурт - ред.) “Франкурт жана Маяне” деп эки ирет жаңылып айтып алган эле.

Видео: kaktus.media

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР