"Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзам долбоору талкууланды

25-Янв. 2020, Ишемби, 03:58

Жогорку Кеңеште “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” жана “Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө” мыйзам долбоорун талкуулоого арналган коомдук угуу болуп өттү.

Ага Жогорку Кеңештин депутаттары Бактыбек Райымкулов, Алмазбек Эргешов, Евгения Строкова, Аида Исмаилова, Умбеталы Кыдыралиев, Таабалды Тиллаев жана мамлекеттик органдардын, жарандык коомдун өкүлдөрү, адистер менен эксперттер катышты.

Депутат Бактыбек Райымкулов коммерциялык эмес уюмдарды өздөрүнүн киреше-чыгашалары боюнча, ошондой эле өз кызматчылары, алардын эмгек акылары туурасында тиешелүү мамлекеттик органдарга маалымат берип турууга милдеттендирүү демилгесин сунуштоодо.

«Коммерциялык эмес уюмдар ишмердүүлүгүн кайтарымсыз негизде берилген гранттык, бюджеттик, дагы башка акчалай каражаттардын эсебинен жүргүзгөндүктөн, алардын отчеттуулугу ачык жана түшүнүктүү болушу шарт. Ал аркылуу алар кандай иштерди жүргүзүп, кандай жыйынтыктарга жаратып жатканын көрүүгө болот. Жыл сайын каржылык отчет берүү тартиби калктын коммерциялык эмес уюмдарга болгон ишенимин жогорулатат, алардын ачык-айкылуулугун камсыз кылат» ,– деди демилгечи.

Иш-чаранын жүрүшүндө депутаттар Евгения Срокова менен Аида Исмаилова коммерциялык эмес уюмдар коомдогу социалдык көйгөйлөрдү чечүүдө мамлекеттин өнөктөшү болуп саналаарын белгилешти.

«Кыргызстан өнүгүү жолунда ачык-айкындуулукту тандап алып, «Ачык Өкмөт» эл аралык уюмунун мүчөсү болуп, «Ачык маалыматтар» саясатын жүзөгө ашырууда», дейт Аида Исмаилова.

Эл өкүлү коомдук талкууга чыгарылган мыйзам долбоору коммерциялык эмес уюмдарга карата ошол эле максаттарды көздөөрүн кошумчалады.

Талкуу жүрүшүндө иш-чаранын катышуучулары мыйзам долбоору боюнча сунуш-пикирлерин ортого салышты. «Интербилим» коомдук бирикмесинин жетекчиси Гүлгаакы Мамасалиева мыйзам долбоору кабыл алынып калган учурда коммерциялык уюм болуп эсептелген Суу пайдалануучулар ассоциациясы менен Суу пайдалануучулар ассоциацияларынын бирикмесинин иш алып баруу маселеси боюнча тынчсыздангандыгын билдирди. Ал эми «Элет көйгөйү» коомдук бирикмесинин өкүлү Марипа Алыкулова болсо мыйзам долбоорунун ченемдери коммерциялык эмес уюмдардын ишинин жыйынтыгын чыгарууда таза жана жооптуу инструмент катары кароо керектигин билдирди.

Учурда Кыргызстанда 28 миңге жакын өкмөттүк эмес уюм Юстиция министрлигин каттоосунан өткөн.

Сүрөт: www.ca-portal.ru

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Турдакун Ниязалиев: Тымызын душмандык кылба!
Турдакун Ниязалиев: Тымызын душмандык кылба!
 Алмаз Шаадаевдин дагы бир клибин 4 млн көрүүчү көрдү
Алмаз Шаадаевдин дагы бир клибин 4 млн көрүүчү көрдү
Психология чын эле пайдалуубу?
Психология чын эле пайдалуубу?
Ырчы Каныкей: Ханзаада менин сыймыгымды гана арттырды!
Ырчы Каныкей: Ханзаада менин сыймыгымды гана арттырды!
 Аяна Касымованын мырзаларга арналган кечесине келиңиз!
Аяна Касымованын мырзаларга арналган кечесине келиңиз!
​Сүйүнчү! “Нефтчи” 1:0 эсебинде “Худжанд” командасын жеңди
​Сүйүнчү! “Нефтчи” 1:0 эсебинде “Худжанд” командасын жеңди
Өзбекстандын аймагына өтүп кеткен 13 жаран Кыргызстанга кайтарылды
Өзбекстандын аймагына өтүп кеткен 13 жаран Кыргызстанга кайтарылды
Бишкекте окуу акысы айына 360 сомду түзгөн англис тил курсу ачылды
Бишкекте окуу акысы айына 360 сомду түзгөн англис тил курсу ачылды
Чачыңыз тынымсыз түшүп жатабы?
Чачыңыз тынымсыз түшүп жатабы?
 Жээнбеков Венгриянын тышкы иштер жана соода министри менен жолугушту
Жээнбеков Венгриянын тышкы иштер жана соода министри менен жолугушту
Абылгазиев: Инвесторго ишенбөөчүлүк – бул мурдагылардын каталарынын кесепети
Абылгазиев: Инвесторго ишенбөөчүлүк – бул мурдагылардын каталарынын кесепети
20-февраль: абанын температурасы +9 градус болот
20-февраль: абанын температурасы +9 градус болот
​Роналду сүйүктүүсүнө айына канча акча берет?
​Роналду сүйүктүүсүнө айына канча акча берет?
Күйүп калган териге алгачкы жардам
Күйүп калган териге алгачкы жардам
Туризм департаменти сынак жарыялады. Шарттары кандай?
Туризм департаменти сынак жарыялады. Шарттары кандай?
Кытай жарандарына Россия аймагына кирүүгө тыюу салынды
Кытай жарандарына Россия аймагына кирүүгө тыюу салынды