Бишкекте Европа биримдигинин жыйыны өтүүдө

Бишкекте Европа биримдигинин жыйыны өтүүдө
8-Июнь 2017, Бейшемби

Бүгүн, 8-июнда Бишкекте Европа Биримдиги-Борбор Азия саясат жана коопсуздук боюнча жогорку деңгээлдеги диалогунун 4-отуруму өтүүдө.

Тышкы ишетр министрлигинин расмий өкүлү Айымкан Кулукеева билдиргендей, жыйынга Борбор Азия мамлекеттеринин тышкы иштер министрлеринин орун басарлары, Европа Биримдигинин Башкы катчысынын орун басары Жан-Кристофер Белльяр жана Ооганстандын тышкы иштер министрлигинин өкүлү катышууда.

Жыйынды Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Динара Кемелова алып барууда. Отурумду Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев куттуктоо сөзү менен ачты.

Жыйында саясат жана коопсуздук маселелери талкууланып, делегация терроризм, экстремизм, баңгизатына каршы күрөшүү, ошондой эле чек ара боюнча маселелер талкууланат. Аны менен бирге Ооганстандагы жана аймактагы туруктуулукту сактоо маселеси да каралмакчы.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!