Атамбаев: “Россиянын колдоосун дайыма сезип келем”

Атамбаев: “Россиянын колдоосун дайыма сезип келем”
21-Июнь 2017, Шаршемби

Президент Алмазбек Атамбаев Россияга жасаган расмий иш сапарынын алкагында орус президенти Владимир Путин менен тар жана кеңири чөйрөдө жолугушту.

Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Президент Владимир Путин кесиптеши Алмазбек Атамбаевди жылуу кабыл алып

“Москвада сизди чын жүрөктөн тосуп алууга уруксат этиңиз. Кечээ жай жагдайда мамилелерибиздин бардык комплекси боюнча, аймактык маселелер, айрым эл аралык проблемалар туурасында бейформал сүйлөшүп алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болдук. Акыркы кезде эмнелерди аткардык, айтмакчы, көп иштер жасалды. Алдыда дагы кандай милдеттерди аткарышыбыз керек, анын ичинде Евразия экономикалык бирлигинде көп тараптуу форматта эмне иштерди жасашыбыз керек. Аймактагы биздин маселелерибиз туурасында да. Мына ошолор туурасында бүгүн бизде тар чөйрөдө, кеңейтилген курамда дагы эки тараптуу мамилени кандайча түзүп жаткандыгыбызды предметтүү сүйлөшүп алууга мүмкүнчүлүк болгонуна мен абдан кубанычтамын”, -деди Владимир Путин.

Өз кезегинде президент Алмазбек Атамбаев жылуу жана меймандос кабыл алгандыгы үчүн, сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө алгачкы жыйынтыктарды чыгарууга жакшы мүмкүнчүлүк түзүлгөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди.

Бир нече айдан кийин Кыргызстандын жаңы президентин шайлоо өтөөрүн белгилеп келип, президент Алмазбек Атамбаев Россиянын лидерин өлкө өтө оор изденүүлөрдүн жыйынтыгында тапкан жолунан тайбастыгына ишендирди.

“Өз ишимдин алдын ала жыйынтыктарын чыгарып келип, эң башкы жетишкендигибиздин бири – Россия менен мамилени туура нукта жүргүзгөнүбүз деп эсептейм. Стратегиялык мамилелердин, достуктун жана боордоштуктун нугунда”,- деди Алмазбек Атамбаев.

Мамлекет башчысы россиялык тарапка зор колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди. “Мен бул колдоону дайыма сезип келдим. Чыныгы боордоштук колдоону сездим. Бул, албетте, кыйынчылыктарды, көйгөйлөрдү жеңип чыгууга жардам берип келди”,- деди Алмазбек Атамбаев.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!