Атамбаев орус аткаминерлерин сыйлады

Атамбаев орус аткаминерлерин сыйлады
21-Июнь 2017, Шаршемби

Президент Алмазбек Атамбаев Россияга жасаган иш сапары учурунда Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровго «Данакер» наамын ыйгарды.

Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.

Мындан сырткары президент Атамбаев Россиянын бир нече аткаминерлерине мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды. Лавровдон сырткары Владимир Путиндин жардамчысы Юрий Ушаков жана пресс-катчысы Дмитрий Песков «Манас» ордени (III деңгээли) менен сыйланышты. Каржы министринин орун басары Сергей Сторчак «Даңк» медалын алды.

Ушул тапта Алмазбек Атамбаевдин Россияда мамлекеттик иш сапары уланууда. Өлкө башчысынын 24-июнга чейин созула турган сапарында Россиядан сырткары Татарстан жана Башкырстанга баруу планы бар.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!