БШК үгүт иштерин эрте баштабоого чакырды

БШК үгүт иштерин эрте баштабоого чакырды
21-Июнь 2017, Шаршемби

Борбордук шайлоо комиссиясы президенттикке талапкерлигин көрсөткөнү жаткан жарандарга, саясий партиялар жана жалпыга маалымдоо каражаттарына мөөнөтүнө мурда үгүт иштерин баштабай турууга чакырды.

БШКнын маалымат кызматы тараткан билдирүүгө ылайык, айрым ЖМКларда үгүт материалдарына үндөш материлдар жарыяланып жатканы айтылып, учурда болгону талапкерлерди каттоо жараяны жүрүп жатканы белгиленет

Мыйзамга ылайык, үгүт материалдарын жарыялоого талапкерлердин каттоо мөөнөтү аяктагандан кийин уруксат берилет. Талапкерлерди каттоо 1-августка чейин созулат. 10-сентябрдан 14-октябрга чейин үгүт иштерин жүргүзүүгө уруксат берилет.

Жогоруда айтылган эрежелерди бузган талапкерлер жана ЖМКлар мыйзам чегинде жоопко тартыларын БШК эскертип, бул багытта ЖМКларга мониторинг жүргүзүлүп турарын ачыктады.
Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!