Атамбаев орус өкмөт башчысы менен жолукту

Атамбаев орус өкмөт башчысы менен жолукту
22-Июнь 2017, Бейшемби

Президент Алмазбек Атамбаев Россияга жасаган мамлекеттик иш сапарынын алкагында Россиянын өкмөтүнүн төрагасы Дмитрий Медведев менен жолугушту.

Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Россиянын өкмөт башчысы Дмитрий Медведев президент Алмазбек Атамбаевди жылуу тосуп алып, “Сиздер Россиянын президенти менен буга чейин жолугуштуңуздар. Билем, ал жолугушуулар Россия менен Кыргызстандын ортосунда көп кырдуу кызматташууну толук мүнөздөгөн көп пландуу болду. Бул кызматташуу ар бир өлкөдө боло келген экономикалык кыйынчылыктарга карабастан өнүгүп жатат. Өлкөлөр ортосундагы байланыштар чыңдалып, эки мамлекеттин тең экономикасы өнүгүп баратат”,-деди Медведев.

Өз кезегинде президент Алмазбек Атамбаев жолугушууга жана кызматташуунун учурдагы маселелерин талкуулап, келечектин пландарын белгилеп алуу мүмкүнчүлүгүнө абдан кубанычта экенин белгиледи.

Мамлекет башчысы Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы мамилелер азыр таптакыр башка – бийик деңгээлде экендигин канааттануу менен баса белгиледи. “Биз өлкөлөр ортосундагы мамилелерди жакшы деңгээлге – боордоштук, достук, эң негизгиси стратегиялык өнөктөштүктүн деңгээлине көтөрө алдык”,- деп Алмазбек Атамбаев меймандостук менен жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-россия кызматташуунун актуалдуу маселелери жана мындан ары өз ара аракеттенишүүнүн келечеги талкууланды.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!