Сирияга аскер жөнөтүү тууралуу маалымат тарады

Сирияга аскер жөнөтүү тууралуу маалымат тарады
23-Июнь 2017, Жума

Россия куралдуу күчтөрүнө Кыргызстандын жана Казакстандын аскерлерин Сирияга жөнөтүү тууралуу жардам сураганын Россиянын маалымат каражаттары жазып чыкты.

Бул маалыматты азырынча кыргыз расмийлери тактай элек.

Кыргызстандан Сирияга аскер жөнөтүү тууралуу маалыматты Россиянын Мамлекеттик думасынын коргоо комитетинин төрагасы Владимир Шаманов ырастап, учурда сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын, чечим кабыл алына электигин билдирген.

Ал көп жылдан бери согуш оту өчпөй келе жаткан Сирияга тартип орнотууга Казакстан жана Кыргызстандан жардам берүүнү сунуштаганын билдирген.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин билдирүүсүнө ылайык, Сирияда беш жүз чамалуу жаран согушуп жүрөт. Алар көбүнчө үй-бүлөсү менен жашыруун чыгып кетишкен.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!