Президентке башкыр тилиндеги “Манасты” тапшырышты

Президентке башкыр тилиндеги “Манасты” тапшырышты
23-Июнь 2017, Жума

Башкырстандын башчысы Рустэм Хамитов президент Алмазбек Атамбаевге башкыр тилинде биринчи жолу басылып чыккан «Манас» эпосун тартуулады.

Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.

Эпосту башкыр тилине Россия илимдер академиясынын Уфадагы илимий борборунун Тил жана адабият институтунун чыгармачыл жамааты которгон.

Чыгармачыл жамаат эпостун поэтикасын сактоого, ошондой эле кыргыздардын үрп-адатын, салт-санаасын өзгөртүүсүз берүүгө умтулган. Адабий эстеликти басып чыгаруу – бир тууган элдердин ортосундагы достукту чыңдоого кошкон зор салым.

Президент Алмазбек Атамбаев Башкырстандын башчысы Руcтэм Хамитовго кыргыз элине тартуулаган баасы чыккыс белеги үчүн чын жүрөктөн ыраазычылык билдирди.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!