“Өнүгүү-Прогресс” өз талапкерин көрсөттү

“Өнүгүү-Прогресс” өз талапкерин көрсөттү
27-Июнь 2017, Шейшемби

Бүгүн, 27-июнда "Өнүгүү-Прогресс" партиясы өткөргөн курултайда делегаттар өз лидери Бакыт Төрөбаевдин президенттикке талапкерлигин колдошту.

Эми Төрөбаевдин президенттик шайлоого катышуу үчүн арызы Борбордук шайлоо комиссиясына жолдонот.

Ушул жылдын 15-октябрында өтө турган президенттик шайлоого талапкерлерди көрсөтүү жараяны 1-августка чейин жүргүзүлөт.

Буга чейин БШК төрт талапкердин арызын кабыл алган. Алардын катарында “Ак шумкар” партиясы мурдагы премьер-министр Темир Сариевди көрсөтсө, өзүн-өзү көрсөтүү аркылуу “Ата Мекен” партиясынын лидери, учурда камактагы депутат Өмүрбек Текебаев, “Лига-антикризис” борборунун төрагасы Назарбек Нышанов, “Аурдин” ишканасынан директору Арстанбек Абдылдаев жана жарандык активист Рита Карасартова арыз берген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!