Атамбаев форумга дыкат даярданууну тапшырды

Атамбаев форумга дыкат даярданууну тапшырды
28-Июнь 2017, Шаршемби

Президент Алмазбек Атамбаев өзүнүн кеңешчиси Мира Карыбаеваны кабыл алып, 20-22-июль күндөрү өтө турган “Алтай цивилизациясы жана алтай тил бүлөсүнүн тектеш элдери” эл аралык форумун өткөрүүгө даярдык көрүүнүн жүрүшүн талкуулады.

Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.

Эл аралык форум Евразиянын кеңири аймагында жашаган элдердин жалпы алтай тил бүлөсүнүн, этногенетикалык жана тарыхый-маданий байланыштарынын негизинде гуманитардык байланыштарын чыңдоого багытталган илимий изилдөөлөрдүн, билим берүү жана маданий долбоорлорунун жыйынтыктарын талкуулоо үчүн жаңы аянтча болуп калат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!