Аида Касымалиева: “Жеңилдиктердин эч кимисин колдонбойм”

Аида Касымалиева: “Жеңилдиктердин эч кимисин колдонбойм”
12-Июль 2017, Шаршемби

Депутаттык милдет, атуулдук парз, эл алдында берген убада... Мындан эки жыл мурда парламентке ар кайсы тармактан келип, өлкөнү ар тараптан өнүктүрүүгө белсенип, маңыздуу мыйзам жазууга аракет кылып жаткан Жогорку Кеңештин депутаттарынын ишмердүүлүгү тууралуу “ZAMAN.KG” маалымат агенттиги “Эл өкүлү электе” түрмөгүн ачты. Аталган рубриканын алкагында парламентте олтурган ар бир депутаттын кандай мыйзам жазып, эмне иш аткаргандыгы тууралуу таанышсаңыз болот.

Түрмөгүбүздүн алгачкы коногу, депутаттык төш белги тагынганына саналуу эле ай болгон КСДП фракциясынын депутаты Аида Касымалиева болмокчу.

Аида Камчыбековна 1984-жылы 7-августта Ош шаарында туулган. Үй-бүлөлүү, бир кызы бар. Бишкек гуманитардык университетинде окуп, журналист адистигине ээ болгон. Кыргыз, орус, англис тилдеринде сүйлөйт, жазат.

Депутат айым буга чейин “Тарыхтын татаал ашуулары”, «Эрте кеткен турналар», «Москвада калган ый» аттуу документалдык фильмдердин автору болгон.

Депутаттык вазийпа

Депутат Касымалиева парламенттеги жумушун КТРК боюнча мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүдөн баштаган. Жаңы мыйзам долбоору коомчулукта кеңири талкууланып, интернет сайтка илинип, коомдук талкуудан өткөн. Сентябрь айынан баштап тиешелүү комитеттерде каралып, палатага алып чыгуу жараянында турат.

Эл өкүлүнүн учурда иштеп жаткан мыйзамы - мамлекеттик органдардагы коомдук кеңештеринин ишине тиешелүү. Аталган мыйзам долбоору да жакында талкууга коюлуп, сунуштарды кабыл алмакчы.

Жөлөк пулдар боюнча мыйзамдын демилгечилеринин бири. Бул мыйзам долбоору парламент тарабынан кабыл алынды. Эмки кезек президенттин кол коюсунда. Эгерде колдоо таба турган болсо, 2018-жылдын 1-январынан баштап жөлөк пул жана сүйүнчү пул жаңы система менен бериле баштайт.

Аида Касымалиева чет өлкөлөрдөгү мекендештерге көмөк көрсөтүү боюнча кабыл алынган мыйзамдын аткарылышы боюнча жумушчу топтун мүчөсү. Сентябрь айынан тарта жумушчу топ бул жаатта көп аракеттерди көрө баштамакчы.

“Жеңилдиктердин эч кимисин колдонбойм”

Депутат айым кесиптештерине ыйгарылган жеңилдиктердин эч кимисин колдонбойт.

“ Унаам жок, троллейбуста көп жүрөм, кээде жөө басам. Көрсө коомдук транспортто депутат акысыз жүрөт экен, аны жакында эле билдим, бирок мен ар дайым жол кире акысын төлөйм (күлүп). Өзүмдүн үйүмдө жашайм. Эл менен жолугушуу боюнча Ошко көп учуу керек болот, ага деле өз айлыгыман төлөйм”,-деп жооп берди.



Аткарылган убадалар

Депутаттын 2015-жылы шайлоо алдында берген жөлөк пул боюнча убадасы аткарылды. “2015-жылы шайлоо учурунда ар бир үй-бүлө ушул маселени көтөргөн. Пенсионерлер менен бирге жашагандар балдарына жөлөк пул ала алчу эмес. Документ кагаздарын топтоо өзүнчө коррупцияланышып кеткен. Жаңы мыйзам менен мына ушул көйгөйлөрдү чечтик”,-деди эл өкүлү.



Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!