Нурбаев: “Парламент коомчулук менен эсептешүүдө”

Нурбаев: “Парламент коомчулук менен эсептешүүдө”
18-Июль 2017, Шейшемби

Депутаттык милдет, атуулдук парз, эл алдында берген убада... Мындан эки жыл мурда парламентке ар кайсы тармактан келип, өлкөнү ар тараптан өнүктүрүүгө белсенип, маңыздуу мыйзам жазууга аракет кылып жаткан Жогорку Кеңештин депутаттарынын ишмердүүлүгү тууралуу “ZAMAN.KG” маалымат агенттиги “Эл өкүлү электе” түрмөгүн ачты. Аталган рубриканын алкагында парламентте олтурган ар бир депутаттын кандай мыйзам жазып, эмне иш аткаргандыгы тууралуу таанышсаңыз болот.

Рубриканын кезектеги коногу КСДП фракциясынын депутаты Абдывахаб Нурбаев. Бул инсандын ысымы ишкерлер чөйрөсүнө тааныш. Саясий карьерасын Ош шаардык кеңешинде депутат болуудан баштаган.

Депутат Нурбаев депутат кесиптештери менен биргеликте жалпысынан 16 мыйзамга авторлош болгон. Алардын ичинен 5 мыйзам долбоору кабыл алынып, учурда иштеп жатат.

Атай кетсек, «Тышкы миграция жөнүндө», «Менчик мектептерди салыктан бошотуу жөнүндө», «Билим берүү мекемелерин аккредитациялоо жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө» жана «Мүлктү декларациялоо жана мыйзамдаштыруу маселелери боюнча» мыйзам долбоорлору кабыл алынган. Мындан сырткары 11 мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин кароосунда турат. Ал эми "Электрондук кол тамга", "Электрондук башкаруу жөнүндөгү мыйзамдар парламент тарабынан кабыл алынып, учурда президентке кол коюуга жиберилген.

Ант берүү учуру

-Кайсы депутаттык комиссияларга мүчөсүз?

“2014-2015-жылдарда Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдары тарабынан жарандарды мыйзамсыз жазык жоопкерчилигине тартуу маселелерин иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссиясын мүчөсү болгонмун. Былтыр 29-июнда Жогорку Кеңеш комиссиянын маалым катын карап чыгып №800-VI токтомун кабыл алды. Азыр эч бир депутаттык комиссиянын мүчөсү эмесмин.

Активдүү жаштар менен

-Депутаттарга берилчү кайсы жеңилдиктерден колдоносуз?

Депутаттар үчүн каралган жеңилдиктерден пайдаланбайм. Жумушка өз унаам менен, кээде жөө келип-кетем.

-Шайлоо алдында элге берген убадалардын кайсылары аткарылды?

Шайлоо алдында партиянын программасында каралган бир топ маселелер боюнча сөз бергенбиз. Алардын үстүндө бүгүнкү күндө да иштеп жатабыз.

-Парламентте же башка жерде Сиздин демилгеңиз менен кандай иш-чаралар уюштурулду?

Парламентте депутат катары жумушту баштагандан кийин экономикалык, социалдык, эл аралык байланыштар тармактары боюнча бир топ иштер жасалып жатат. Алардын ичинен мен себепчи болгон айрым иштерге токтолсом:

Быйыл 31-январда Жогорку Кеңештин төрагасынын алдында бизнести жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча кеңеш түзүлдү. Кеңешке депутаттар, бизнес ассоциациялардын өкүлдөрү мүчө болуп кирген. Буга чейин 3 жолу жыйын өткөрүлүп негизги делген көйгөлөрдү чечүүгө багытталган сунуштар кабыл алынды. Кеңеш - бизнес өкүлдөрү менен Жогорку Кеңештин биргеликте аракет кылып, бизнести өнүктүрүүгө тоскоол болгон мыйзамдарды чечүүчү аянтча болуп саналат.

Быйыл атайын делегация менен Финляндия өлкөсүнө иш-сапары менен барып келгенбиз. Өзүңүздөр билгендей Финляндия өлкөсү билим берүү тармагы өнүккөн эң алдыңкы өлкө болуп, бүгүнкү күндө “Келечектин мектептери” деп аталган долбоору ийгиликтүү иштеп жатат. Ал жактан көргөн жана бүгүнкү заманбап билим берүүдөгү жаңылыктарды мугалимдерге жеткирүү максатында Ош шаарынын мугалимдери үчүн бир күндүк семинар уюштурдук. Семинарга атайын адистер өттү.

Буюрса сентябрдан баштап Ош шаарындагы мугалимдер, педагогикалык багытта билим алган бүтүрүүчү курстун студенттери үчүн атайын конкурсту өткөрүүнү пландап жатабыз. Конкурска катышкандардын деңгээлин баалап, жеңүүчүлөрдү аныктоодо Финляндияда колдонулган окуучулардын билим деңгээлине карап аныкталат.

Депутат апасы менен

-Алтынчы чакырылыштагы парламенттин өзгөчөлүгү, эл алдындагы вазийпасын канчалык деңгээлде аткара алды?

Алтынчы чакырылыштагы парламент бүгүнкү күндө жакшы иштеп жатат. 2 жылга жетпеген убакта бир топ иштер аткарылды. Эң негизгиси коомчулук менен эсептешип, алар көтөргөн маселелерди жыйындарда карап, тиешелүү кызматтарга тапшырмаларды берип келет.

Балдары менен


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!