Талапкерлер сынак тапшырышууда

Талапкерлер сынак тапшырышууда
26-Июль 2017, Шаршемби

Биринчи болуп “Лига-антикризис” борборунун жетекчиси Назарбек Нышанов тест тапшырат. Тизмеде андан кийин “Ата мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев турат. бирок анын тестке катышаар-катышпасы белгисиз.

Ошондой эле бүгүн “Ак шумкар” партиясынын лидери Темир Сариев жана “Аурдин” компаниясынын жетекчиси Арстанбек Абдылдаев сынактан өтүшөт.

Сынак 4 тапшырмадан турат. лексика-граматикалык бөлүккө 50 мүнөт берилет. Окуу жана кыргыз тилинде сүйлөөгө 20-25 мүнөт белгиленген.

Мыйзамга ылайык сынак тапшыруучулар эксперттик комиссиядан 60 баллдан өйдө жана ортодон жогору деген баа алышы зарыл.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!