Пенсионер президенттик шайлоого аттанды

Пенсионер президенттик шайлоого аттанды
26-Июль 2017, Шаршемби

Президенттикке талапкерлердин саны 38ге жетти. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комссиясы билдирди.

Маалыматка караганда, пенсия курагындагы жаран Калмамат Мактымбаев БШКга 38-болуп өзүн өзү көрсөткөн талапкер катары арызын жазган.

25-июлга карата БШКга: жалпы 38 талапкер катталган, анын 31и өзүн-өзү көрсөткөндөр, ал эми 7 талапкерди саясий партиялар көрсөткөн.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!