Темирбек Асанбеков президентикке аттанды

Темирбек Асанбеков президентикке аттанды
27-Июль 2017, Бейшемби

Борбордук шайлоо комиссиясына "Мекен Ынтымагы" партиясынан Темирбек Асанбековдун президенттикке талапкер катары көрсөтүү тууралуу арызы келип түштү. Бул тууралуу БШКдан билдиришти.

Ошентип, 2017-жылдын 27-июлуна карата 41 адам президенттик кызматка талапкерлигин көрсөтүү боюнча БШКга арызын тапшырды.

Алардын ичинен 32 жаран өзүн-өзү көрсөтсө, 8 талапкерди партия көрсөткөн.

Талапкерлерди каттоо ушул жылдын 1-августка чейин кабыл алынмакчы. Президенттик шайлоо 2017-жылдын 15-октябрына белгиленген. Кыргызстандын президенти алты жылга шайланат.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!