Жээнбеков кыргыз тил сынагынан өттү

Жээнбеков кыргыз тил сынагынан өттү
4-Авг. 2017, Жума

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков өкмөт башчылык кызматын борбордук шайлоо комиссиясы талапкер катары расмий каттаган убакыттан баштап тапшырат.

Бул тууралуу өкмөт башчы мамлекеттик тил сынагын тапшырып жатып билдирди.

Жээнбековдун кыргыз тилин билүү деңгээли 94, 5 балл менен аныкталып, сынактан өттү. Эми талапкер 30 миң шайлоочунун колун топтоп, шайлоо күрөөсүнө 1 млн. сом төлөшү керек.

Учурда президенттикке талапкерлердин ичинен 22си тест тапшырып, алардын бирөөсү сынактан өтпөй калган.

Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигин КСДП партиясы көрсөткөн.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!