Россия Кыргызстанга эки учак белек кылды

Россия Кыргызстанга эки учак белек кылды
8-Авг. 2017, Шейшемби

Бүгүн, 8-августта президент Алмазбек Атамбаев куралдык күчтөрдүн башкы штабынын жетекчиси Райымберди Дүйшөмбиевди кабыл алды.

Мамлекет башчынын маалымат кызматы билдиргендей, өлкөнүн куралдуу күчтөрүн мындан ары өнүктүрүүгө багытталган иш-чаралардын аткарылышы тууралуу маалымдап, Россия тарабынан берилген эки аскердик-техникалык учактардын келгени тууралуу кабардар кылды. Раимбердиевдин айтымында, жакында Кыргызстанга берилген эки учакты расмий түрдө кабыл алуу салтанатын өткөрүү пландалууда.

Белгилей кетсек, 2013-жылы Россия Кыргызстандын куралдуу күчтөрүнө жардам берүү максатында жалпы наркы 1 миллиард долларлык аскердик техника берерин убадалаган болчу.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!