Сентябрдан баштап “Электрондук виза” ишке кирет

Сентябрдан баштап “Электрондук виза” ишке кирет
10-Авг. 2017, Бейшемби

Ушул жылдын 1-сентябрынан тарта Кыргызстанга келе турган чет элдик жарандар үчүн электрондук виза иштей баштайт.

Бул тууралуу тышкы иштер министрлигинде “Электрондук виза” системасынын бет ачарында министрликтин консулдук департаментинин директору Эркин Асангулов маалымдады.

Анын айтымында, чет элдик жарандар бул системанын жардамы менен интернет аркылуу туристтик жана жумуш визаларын ала алышат. Мурдагыдай элчилик, консулдуктарга кайрылышпайт.

Электрондук система аркылуу виза алууну каалагн жарандар Evisa.e-gov.kg сайтына кирип, керектүү документтерди толтурушу керек. Виза алуудагы төлөмдөр банктардагы төлөө карталары аркылуу жүргүзүлөт.

Бул система “Таза коом” долбоорунун алкагында ишке ашууда.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!