Жээнбеков казак президенти менен баарлашты

Жээнбеков казак президенти менен баарлашты
15-Авг. 2017, Шейшемби

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Казакстанга жасаган жумушчу сапарынын алкагында казак өлкө башчысы Нурсултан Назарбаев менен жолугушту.

Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди. Жолугушуу ЕврАзЭСке мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын катышуусунда өткөн евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынынын жыйынтыгында өттү.

«Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда жалпы тарыхый жакындык жана ишеним бар. Казакстан ар дайым Кыргызстан жана кыргыз эли менен бирге», — деп билдирди Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев.

«Биз Казакстандын Өкмөтү менен тыгыз иштеп жатабыз, азыркы учурда көп маселелер чечилүүдө, ЕврАзЭСтин алкагында евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны ийгиликтүү өттү»,- деди Жээнбеков.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!