ЕАЭБ: пенсиялык камсыздоо ишке кирет

ЕАЭБ: пенсиялык камсыздоо ишке кирет
15-Авг. 2017, Шейшемби

ЕврАзЭСке мүчө мамлекеттер арасында пенсия менен камсыз кылуу боюнча келишим кыргызстандык жарандар Евразия мейкиндигинде өздөрүн корголгон катары алып жүрүшүнө шарт түзөт.

Бул тууралуу премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Казакстандын Астана шаарында өткөн ЕврАзЭС өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынынын соңунда өткөн маалымат жыйынында билдирди.

«Кезектеги жыйында бирдиктүү энергетикалык рынокту түзүү, биримдиктин соода байланышын кеңейтүү, эмгек мигранттарын пенсия менен камсыз кылуу маселелери каралды. Конструктивдүү диалогдор болуп, көпчүлүк маселелер боюнча чечимдер кабыл алынды. Биз ЕврАзЭСтин талаптарына көнүүдө улуттук экономиканын түшүп кетүү коркунучутарынан өтө алдык», – деди Сооронбай Жээнбеков.

Жолугушуунун катышуучулары ЕврАзЭС Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны ушул жылдын октябрь айынын аягында Армениянын Ереван шаарында өткөрүү боюнча чечим кабыл алышты.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!