БШК: Текебаев акталса тил сынагын тапшырат

БШК: Текебаев акталса тил сынагын тапшырат
15-Авг. 2017, Шейшемби

«Ата-Мекен» партиясынын камактагы лидери Өмүрбек Текебаев соттон акталса, ал мамлекеттик тил сынагын тапшыра алат. Бул тууралуу борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова маалымдады.

Анын айтымында, талапкер акталса, БШК анын бардык укуктарын камсыз кылууга даяр.

«БШК өзгөчө чечим кабыл алып, Текебаевди тестке катыштыруу буйругун бере албайт. Ага талапкер катары шарт түзүү эмес, ал үчүн өзгөчө шарттарды жаратуу маселеси турат» — деди Шайлдабекова.

Бүгүн, 15-август ушул тапта Текебаевдин соту уланып, ал төрт күндөн бери жарыш сөзгө чыгууда. Текебаев президенттикке талапкер катары 26-июлда тест тапшырышы керек болчу. Бирок, тийиштүү органдар анын сынакка катышуусуна байланыштуу маселени кароодон баш тарткан.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!