Сот Текебаевди 8 жылга кести

Сот Текебаевди 8 жылга кести
17-Авг. 2017, Бейшемби

Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевди жана мурдагы Өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөнкул Чотоновду сегиз жылга эркинен ажыратуу боюнча чечим чыгарды.

Мындан сырткары үй мүлкү мамлекетке өткөрүлүп, эркиндикке чыккандан кийин үч жылга дейре мамлекеттик кызматта иштебөөсү керек деген тыянак чыгарылды.

Өмүрбек Текебаев ушул жылдын 25-февралында Венадан учуп келе жатканда таңга жуук “Манас” аба майданынан кармалган. Ага карата кылмыш жаза кодексинин “коррупция”, “алдамчылык” беренелери боюнча кылмыш иши козголгон. 2010-жылы Текебаев россиялык ишкер Маевский аттуу жарандан 1 миллион даллар пара алган деген кине коюлган. Бул суммадагы каражат мурдагы Өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөнкул Чотоновдун таанышы аркылуу алынганы жүйө келтирилген.

Дээрлик алты айга жакын убакыттан бери УКМКнын тергөө абагында камакта жаткан Текебаев өзүнө жана Чотоновго коюлган күнөөлөр жасалма жана саясий буюртма экенин айтып келет. Соттук жараянда соңку сөзүндө да бул пикирин бекемдеп өздөрүн ак экенин далилдеген аракет кылганын, мындан ары баары жакшы болорун айтып, акыркы сөзүн оптимисттик маанайда жыйынтыктаган.

Белгилей кетсек, буга чейин мамлекеттик айыптоочу Текебаевди 10, Чотонвду 8 жылга эркинен ажыратууну суранган. Бирок сот эки саясатчыга тең 8 жылдан чегерди. “Кыргыз Республикасынын 2014-жылдагы БУУнун Адам укуктары декларациясынын 65 жылдыгы жөнүндө" мыйзамына ылайык Текебаевге чегерилген жаза мөөнөтүнүн үчтөн бири кыскартылат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!