Атамбаев Өзбекстанга барат

 Атамбаев Өзбекстанга барат
17-Авг. 2017, Бейшемби

Президент Алмазбек Атамбаев Өзбекстанга расмий иш сапары менен бара турганы белгилүү болду.

Кечээ, 16-августта өткөн кыргыз-өзбек өкмөттөр аралык жыйында өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков кесиптеши Абдулла Ариповдун Кыргызстанга болгон алгачкы иш сапары президент Атамбаевдин Ташкентке жасай турган расмий визитинин алдында болгонун белгиледи.

Соңку тогуз жылдан бери биринчи ирет өкмөт аралык жыйын өтүп, анда эки өлкөнүн кызматташтыгын жакшыртуу, ортодогу такталган чек араларды бекитүү боюнча өткөөл келишимге кол коюу иш-чаралары болду.

Белгилей кетсек, Өзбекстанда жаңы президент шайлангандан бери Атамбаевдин кошуна өлкөгө жасай турган экинчи сапары болууда. Ал акыркы ирет өткөн жылдын декабрь айында барган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!