Депутаттар төраганын буйругун талап кылышты

Депутаттар төраганын буйругун талап кылышты
25-Авг. 2017, Жума

Бүгүн, 25-августта Жогорку Кеңеш кезексиз сессияга чогулду.

Сессияны баштоодон мурда бир катар депутаттар кезексиз сессия мыйзамдагы регламентке туура келбегендигин, кезексиз сессияга чакыруу үчүн парламент төрагасынын буйругу болушу керектигин талап кылышты. Эл өкүлдөрү сессияга чакыруу катын СМС билдирүү аркылуу алышканын айтышты.

Депутат Мыктыбек Абдылдаевдин айтымында, Конституцияда жана мыйзамда 40тан кем эмес депутаттардын сунушу төрагага түшкөндөн кийин төрага сессияны чакырат. "Чакыруу боюнча төраганын буйругу керек болчу”,-деди эл өкүлү Абдылдаев.

Депутат Алтынбек Сулайманов комитет мүчөлөрү кеңешүү үчүн түштөн кийин 14:00дө кайра жыйынга чогулууну сунуштады.

Төрага Чыныбай Турсунбеков “Жогорку Кеңештин аппараты кеңешме өтүп, буга чейин кандай болсо, ошондой негизде даярдалды. Негиз – президенттин каты. Эч кандай буйруктун кереги жок”,-деди.

Натыйжада бир саамдык тыныгыудан соң кезексиз сессия ишин улантып, аны КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов алып барууда.

Учурда өкмөт башчылыкка сунушталган Сапар Исаков өз программасы жана жаңы өкмөт курамы менен тааныштырууда.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!