Алмаз Үсөнов президенттик аппараттын башчысы болду

 Алмаз Үсөнов президенттик аппараттын башчысы болду
26-Авг. 2017, Ишемби

Президент Алмазбек Атамбаевдин бүгүн, 26-августтагы жарлыгына ылайык президенттик аппараттын маалымат бөлүмүнүн башчысы Алмаз Үсөнов ээлеген кызматынан бошотулуп, президенттик аппараттын жетекчиси болуп дайындалды.

Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.

Алмаз Үсөнов 36 жашта. Исхак Раззаков атындагы кыргыз техникалык университетин, Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясын бүтүргөн. Ал президенттик аппараттын маалымат бөлүмүн беш жылдан бери жетектеп келген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!