Абулгазиев президенттин кеңешчиси болду

Абулгазиев президенттин кеңешчиси болду
26-Авг. 2017, Ишемби

Мурдагы биринчи вице премьер-министр Мухаммедкалый Абулгазиев президенттин кеңешчиси болуп дайындалды.

Тиешелүү жарлыкка президент Алмазбек Атамбаев кол койгонун мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.

Абулгазиевдин ордуна улуттук банктын мурдагы төрагасы Толкунбек Абдыгулов келди.

Аз күн мурда президенттин кеңешчиси болуп турган Калыкбек Султанов бул кызматтан кеткен болчу.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!