Кийинки аптада Өзбекстандын президенти келет

Кийинки аптада Өзбекстандын президенти келет
28-Авг. 2017, Дүйшөмбү

Келерки аптада Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Кыргызстанга расмий иш сапары менен келет.

Бул тууралуу президент Алмазбек Атамбаев Ош облусунун Өзгөн районундагы жаратылыш кырсыгынан жабыркаган тургундар менен жолугушууда маалымдады.

Бул сапар Шавкат Мирзиёевдин президент болгон мезгилден бери алгачкы иш сапары. Жакында эле Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов Кыргызстанга иш сапары менен келип, эки өлкө ортосундагы чек араны тактоо маселесин карашкан.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!