Атамбаев: «Биз бул күндү чейрек кылым күткөнбүз»

Атамбаев: «Биз бул күндү чейрек кылым күткөнбүз»
5-Сен. 2017, Шейшемби

Бүгүн 5-сентябрь расмий иш сапары менен келген Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев баштаган делегацияны тосуп алган президент Алмазбек Атамбаев эки өлкөнүн элдери 25 жыл күткөнүн айтып, бул жолугушууну тарыхый окуя деп баалады.

Жолугушууну ачкан президент Атамбаев кесиптешинин Бишкекке келгенине ыраазычылыгын билдирди.

Өзбек лидери да кезектеги жолугушууну тарыхый окуя баалап, эки өлкө ортосундагы ар кандай маселелерди акимдер өздөрү чече тургандай шарт түзүп берүү керектигин билдирди.

Шавкат Мирзиёев Өзбекстандын президенти болгондон бери расмий Бишкекке жасаган алгачкы иш сапары. Кыргызстан эгемендүүлүк алган алгачкы жылы Өзбекстандын туңгуч президенти Ислам Кармов Ошко, 2000-жылы Бишкекке келген.

Эки өлкө ортосундагы дипломатиялык мамиле 1993-жылдын 16-февралында түзүлүп, бул аралыкта эки тараптуу 130га чукул келишим, макулдашууга кол коюлган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!