Мирзиёев: “Кызматташтыкты жандандырбасак, тарых кечирбейт болчу”

Мирзиёев: “Кызматташтыкты жандандырбасак, тарых кечирбейт болчу”
5-Сен. 2017, Шейшемби

Бишкекке расмий иш сапары менен келген Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев кесиптеши Алмазбек Атамбаев менен тар чөйрөдө жолугушту.

Ал Кыргызстанга чакырганы үчун ыраазычылык билдирип, совет учурунда эки өлкө бири-бирине жакын болууга аракет кылганын эске салды.

Ошондой эле ал 25 жыл ичинде көптөгөн маселелер чечилгени менен тийиштүү деңгээлде болбогонун да жашырбады. Өткөн жылдын сентябрь айынан баштап кыргызстандык делегаттардын Өзбекстанга, Андияжандан Ошко жасаган сапарлары тарыхый учур болуп калганын белгиледи.

“Кыргызстан биз үчүн стратегиялык өнөктөш. Кызматташууларды жөнгө салбасак, тарых бизди кечирбейт болчу. Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов айткандай эки элдин каны да, тили да бир. Бул улуу сөздүн ичинде баары камтылган”,-деди Мирзиёев.

Ал президент Алмазбек Атамбаевди Өзбекстанга барууга чакырды.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!