Мирзиёев: “Камбар-Ата ГЭСин чогуу курабыз”

Мирзиёев: “Камбар-Ата ГЭСин чогуу курабыз”
5-Сен. 2017, Шейшемби

Эки өлкөнүн президенттери жалпыга маадымдоо каражаттарынын өкүлдөрү үчүн биргелешкен билдирүү жасап, эки тараптуу жолугушууда эмнелер тууралуу сөз болгонун ортого салды.

Өзбек лидери ГЭС куруу боюнча долбоорлорго каржы жагынан да, ресурс жагынан да жардам көрсөтүлөрүн убадалады.

“Биз ГЭС куруу маселеси боюнча макулдаштык. Алмазбек Шаршенович бир дагы станция Өзбекстандын катышуусуз курулбай турганына сөз берди”, - деди Мирзиёев.

Белгилей кетсек, буга чейин расмий Ташкент Кыргызстандын Нарын дарыясына ГЭС куруусуна каршы пикирин билдирип келген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!