Жаңы шайланган өкмөт мүчөлөрү 7-сентябрда Жогорку Кеңеште ант беришет. Бул тууралуу Жогорку кеңештин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 7-сентябрда парламенттин иш тартиби боюнча жыйындын ар кандай маселелер боюнча бөлүгүнөн кийин өкмөт башчы Сапар Исаков баштаган өкмөт мүчөлөрү ант беришет.
Эскерте кетсек, 25-августа Жогорку Кеңеш кезексиз жыйында 29-өкмөттү шайлап, өкмөт мүчөлөрүн жана жаңы өкмөттүн программасын бекитишкен.