Кыргызстан-Өзбекстан: достуктун каалгасы кайрадан ачылды

Кыргызстан-Өзбекстан: достуктун каалгасы кайрадан ачылды
7-Сен. 2017, Бейшемби

Чейрек кылым ашык “тоңуп турган муз ээрип” кыргыз-өзбек ымаласы жанданып, эки өлкөнүн дипломатиялык мамилеси жаңы нукта өнүгө баштады.

Кошуна өлкөнүн мурдагы жетекчиси мындан 17 жыл илгери келгени айтылып, бири-бирине сыртын салып келген кыргыз-өзбек мамилеси жакшы жагына бурулуп жатканын кубаттагандар арбын болууда. Серепчилер Шавкат Мирзиёев башчы болуп келгенден кийин Өзбекстан чек ара, суу маселеси боюнча катаал мамилесин жумшартып, мындан ары орток пикирге келүүгө жол ачылганын белгилешүүдө. Анткени, эки өлкө буга чейин чек ара, суу маселесинде бир пикирге келе албай жүргөнү маалым.

Шавкат Мирзиёев расмий Бишкекке эки күндүк иш сапары менен келип, жогорку бийликтин өкүлдөрү менен жолугушуп, эки өлкөнүн кызыкчылыгын көздөгөн бир нече келишимдерге кол коюуга жетишилди.

Атамбаев: “Бул күндү 25 жыл бою күткөнбүз”

Президент Алмазбек Атамбаев кесиптеши менен жолугушуунун башында кыргыз-өзбек эли бул күндү 25 жыл бою күткөнүн жашырбады.

“Бул окуяны элдерибиз чейрек кылым күткөн эле. Шавкат Миромоновичтин Кыргызстанга мамлекеттик иш сапары менен келиши көп маселелердин башын ачат. Мындан ары боордош элдердин мамилелеринде жаңы доор ачылат”,-деди Атамбаев.

Мирзиёев: “Кызматташтыкты жандандырбасак, тарых кечирбейт болчу”

Өз кезегинде өзбек лидери Шавкат Мирзиёев бул жолугушууну тарыхый күн деп белгиледи.

“25 жыл ичинде көп маселелер чечилгенсип эле келген. Бирок достук мамиледеги эки эл үчүн зарыл нукта чечилбептир. Тарыхый бул күн жыл санап эки өлкөнүн элдери татыктуу баалагыдай конкреттүү иштер менен толуктала бериши үчүн биз баарын жасашыбыз керек. Биз алдыга биргелешпей кете албайбыз. Биргелешип тынчтыкта, нтымакта бири-бирибизди урматтап, алдыга койгон милдеттерди ашыра алабыз”,-деди.

Ошондой эле ал өткөн жылдын сентябрь айынан баштап кыргызстандык делегаттардын Өзбекстанга, Андижандан Ошко жасаган сапарлары тарыхый учур болуп калганын кошумчалады.

“Кыргызстан биз үчүн стратегиялык өнөктөш. Кызматташууларды жөнгөт салбасак, тарых бизди кечирбейт болчу. Улуу жазуучу Чыңгуз Айтматов айткандай эки элдин каны да, тили да бир. Бул улуу сөздүн ичинде баары камтылган”,-деди Мирзиёев.

Чейрек кылымдык чек ара көйгөйү чечилди

Шавкат Мирзиёевдин иш сапары учурунда эки өлкөнүн мамлекеттик чек арасынын 85 пайызын делимитациялоо келишимине кол коюлду. Өлкө лидерлери калган 15 пайыз бөлуү жакын арада чечилерине ишеним артып турганын билдиришти. Мирзиёев кесиптеши Атамбаевди Өзбекстанга келип кетүүгө чакырды. Бул чакырууну кыргыз өлкө башчысы жылуу кабыл алып, октябрь айына мерчемделген иш сапарга чейин чек аранын калган бөлүгүн тактоого эки тарап аракет жасашаарын белгиледи.

Өкмөттүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү Курбанбай Искандаровдун белгилешинче, кошуна өлкө менен чектешкен Ош, Жалал-Абад жана Баткен облусунда тең тактала элек тилкелер бар.

Тактала элек чек ара тилкелерине Ош облусунун Кара-Суу районундагы Кемпир-Абад суу сактагычы, Өзгөндө жайгашкан жер, Жалал-Абаддын Ала-Бука районундагы Гавасай аймагында жана Баткенде Сох анклавынын айланасындагы участок кирет. Жалпысы болуп 36 участок калды”,-деди Искандаров.

Өткөн жылдан бери чек араны тактоо боюнча эки өлкөнүн жумушчу топторунун ортосунда 16 жолу жолугушуу болгон.

Чынара Эсенгул: “Тактала элек жерлерде талаштуу тилкелер бар”

Геосаясий маселелер боюнча эксперт Чынара Эсенгул кызынын пикиринде, эки тарап тең сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, ортодогу талаш тилкелерди тактоого ынтызарлыгы чын ниеттен болуп жатканы жакшы жышаан. Бирок, азырынча бул маселе чечилиши күмөн. Анткени маселе өтө тереңдеп кеткен.

“Ишеним болгон чакта дагы бири алдыга кетип, экинчиси артта калбай ишти жарыш алып кетиши абзел. Эң ириде элди ынандыруу маселеси турат. Маселен Кытайда чек ара тоо менен, Казакстанда суу аркылуу өткөн үчүн, чек ара маселеси оңой чечилген. Фергана өрөөнүндөгү кыргыз-тажик, кыргыз-өзбек мамлекеттери чектешкен аймактарда чек ара боордош эле ага-ининин үйүн бөлүп койгон. Калк жашаган пункт аркылуу өткөндүктөн көп жерлер үлүшкө өтүп кеткен. Элден жерди сатып алуу керек. Бул жерде ишке ашыра турган структуралар, алардын координациялары кандай болот, ага бийликтин потенциалы жетеби, эл менен тил табышып ынандыра алабы? Кептин баары ушунда. Жалпы жонунан алганда чек араны чечүүгө мүмүнчүлүк болгону менен потенциал азыраак”,-деди талдоочу.

Кыргыз-өзбек чек арасынын жалпы узундугу 1378 чакырымды түзөт. Анын 1170 чакырымы такталды. Ортодо 58 аймак талаштуу экени айтылып келет. Эки өлкөнүн чек арасында 15 өткөрмө бекети болсо, алардын бешөөсү гана ачык режимде иштеп келген. Күн мурун Ош шаарындагы “Достук” өткөрүү пункту ачылып, миңдеген элдин көптөн күткөн үмүт шамын жандырды. Бул өткөрүү пункту 2010-жылдагы июнь окуясынан кийин бир тараптуу жабылган болчу. Эми эки өлкөнүн калкы тоскоолдуксуз, паспорт аркылуу гана кирип-чыга алышат.

Жылуу мамиленин узун тарыхы

Кыргызстан көз карандысыздык алгандан кийин 1993-жылы 16-февралда Өзбекстан менен дипломатиялык алака түзүп баштаган. Бул аралыкта 30га чакул, келишим, макулдашууга кол коюлган. Өзбекстандын тунгуч президенти, маркум Ислам Каримов 2000-жылы мамлекеттик иш сапары менен расмий Бишкекке келген. Эл аралык уюмдардын саммитине катышуу үчүн болгон сапарларды эске албаганда туптуура 17 жылдан кийин кошуна өлкөнүн президенти Кыргызстанга келди.

1996-жылы 24-декабрда тунгуч президент Аскар Акаев Ташкентке алгачкы расмий иш сапары менен барып, эки өлкө түбөлүк достук келишимин кабыл алууга жетишкен. Өткөн жылдын соңунда президент Алмазбек Атамбаев иш сапары менен Өзбекстанга барган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!